www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим министри Гүльмира Кудайбердиевага
Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешовичке
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу А.Жаныбеков атындагы № 46- Кара-Суу орто мектебинин социалдык педагогу Керимкулов Тилеген Сатканбаевичтен
АЧЫК КАТ!
Урматтуу: Кудайбердиева Гүльмира айым!
- Адылбек Алешович!
Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө, өзүңүздөргө малым болгондой жыл сайын окуу жылынын аягында билим уясы болгон мектептерде жана бала бакчаларда ремонт иштери жүрүп, жаңы окуу жылына даярдыктар көрүлөт. Ремонт иштери үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Ушул жерде бир суроо жаралат. Акча каражаты курулуш ж.б. каражаттар үчүн гана бөлүнөт ал эми аны иштетип, ремонт ишин жүргүзүүгө акча бөлүнбөйт. Ремонт ишин жасаганга акы төлөнүү керекпи? Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн «Эмгек кодексде» ар бир жаран эмгегине жараша акы алууга укуктуу али эми, Аксы районунда ремонт иштерин мектептеги кенже кызматкерлер жана мугалимдер өздөрү жасашат же башка бирөөлөрдү жалдап, өз чөнтөктөрүнөн акча төлөп, өздөрүнө бөлүнгөн окуу бөлмөлөрүнүн ремонтторун жасатышат. Жумуш жасагандыгы үчүн акы алышпайт! Анын үстүнө ден соолуктарына зыян келтирген химикаттар менен иштешет. Анан дагы мектепте мугалим болуп эмгектенип жаткандардын 90% пайызы аялдар. Жаш эжекелер химиялык заттар менен иштеп, Эне болуу кыйындап, улуттун келечеги жок болууда. Быйыл Аксы районунун илим берүү мекемелери болгон, 64 мектеп, 23 бакчаны ремонттон өткөрүү үчүн бюджеттен 2 миллион 107 миң сом акча каражаты бөлүнүптүр деп угуп жатабыз. Эми ремонт ишин ким жүргүзөт? Ага акы төлөйбү?
Урматтуу министрибиз Гүлмира айым!
«Реформа жасайбыз» «Жаңыланабыз» деген мугалимдериңиз мыйзамдуу түрдөгү эмгек өргүүлөрүн көңүлдөгүдөй өткөрбөй «моляр» болуп жүргөндүгү сизге «ыңгайсыздык» жаратпайбы???
Урматтуу министр Адылбек мырза!
Кыргызда жакшы сөз бар «Чунак бала миңине чыдап, бирине чыдай албаптыр да аттиң!» деген аны сыңарындай ушунчалык каражаттар ремонттоо деп, бөлүнгөндөн кийин аны «оңдоп-түзөп» жасагандыгы үчүн деп дагы акча каражатын бөлүүнү эске алып койсоңуздар болмок экен! «Эрдик кылсаң-сүрө кыл» дейтго Кыргыз элибизде ошондо агай-эжекелер сиздерге «Ак батасын» берет эле деп ыйлайм!
Урматтуу министрилер, жогорудагы маселелер боюнча сиздердин жооп күтөм!
Сиздерди терең урматтоо менен, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу А.Жаныбеков атындагы № 46- Кара-Суу орто мектебинин социалдык педагогу: Керимкулов Т. С.
Булак: NazarNews.kg