www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлекте өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап, 1 май куючу станция, 1 май куюучу станциянын кеңсеси, ошондой эле 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ишенимдүү булактын маалыматына караганда өрт кесепети 2018-жылдын 4-июлда саат 20:30да Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы жер айылында жайгашкан "Жаштык" май куючу станциядан болгон.
Өрт болгон жерге ӨКМнин Лейлек райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, ӨКМнин №108 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, ИИМден 30 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана Тажик Республикасынан жакын жайгашкан районунан 3 бөлүм тартылган. Өрттөн 1 кыргыз, 3 тажик жараны жабыркаган.
Өрттөн жабыркаган кыргыз жараны (1963-ж.т. Т.Б. эркек киши) Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылган. Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Төмөндө жергиликтүү калк тартып алган видеотасма. Эскертүү: Видеодо нормативдик лексика сакталган эмес.
Булак: NazarNews.kg