www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ Мадияр Кулуевди кызматтык иликтөөгө албаса, эртең Жайыл районундагы трагедия кайталанышы мүмкүн. Бишкек шаарынын Ленин РИИБсинин начальниги Мадияр Кулуев деген бир кокуй бар. Дал ушул күндөрү өздүк курам андан тажап, ыркырашуу абалына келгени ырас.
Аталган райондун карамагыңда коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жагынан Ленин РИИБси артта калып, элдин шорун кайнатып атканы ачыкталып калды. Эгерде министрлик тарабьшан өздүк курам арасында сурамжылоо жүргүзсө, 97 пайыз начальникке каршы көрсөтмө беришмек.
А эмне үчүн ИИМ мындай кадамга барбай, бүгүнкү күндө аяп отурат? Ошол жерде иштеген орун басарлары, дээрлик оперлер куурап кетти, себеби, жетекчи үлгү көрсөтө албайт, кызмат абалын шалаакылык маанайында пайдаланып, интрига уюштурул, уруш-талашты күчөтүп жиберди.
Кулуев ар дайым кызматтык ордунда отурбайт, түштөн кийин ар кайсы шылтоону айтып, жумушунан кетип калат. Ансыз да район артта калып, кылмыштуулукка туруштук бере албай атышканда мындай эргулдун кутурганына кантип чыдайбыз?
ИИМ текшерүү жүргүзбөйбү? Баса, бирдеме болсо эле Мадияр «мен баарын коркутуп алгам, жумуштан алса эле сотко берем» дегени ыраспы? Ток этери, ал оозуна келгенди отгой берет экен, эгер ИИМ адилеттүү башкарууга ниеттенсе, эл астында Ленин РИИБсин кызматтык илитиктөөгө алышы зарыл. Кокус эртең Жайыл РИИБсиндей болуп, кабинеттерден адам өлүктөрү чыкса кеч болуп калбайбы? Андыктан, биз алдын ала коңгуроо кагып турган чагыбыз...
Арстан АЛГЫРБЕКОВ
Булак: АЗИЯньюс