www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу “Инклюзивдик каникулдар” долбоорунун координатору Гүлмира Усубалиева билдирди. Билдирүүгө караганда, “Я люблю Кыргызстан” жаштар кыймылы Ысык-Көлдүн жээгинде өлкөнүн бардык региондорун камтыган мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаштар кыймылынын иш-аракеттерине тартуу жана окуучулардын интеллектуалдык жана чыгармачылыкты өнүктүрүүсүнө багытталган “Инклюзивдик каникулдар” долбоорун ишке ашырып жатат. Балдар инновациялык жайкы эс алуу лагеринде тажрыйба жүзүндө инклюзивдик билим алуу жана биргеликте убакытты өткөрүүнү илим, дебат, спорттук таймаштар, театралдык оюндар, кечки конкурстар аркылуу достук жана узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү аркылуу баа жеткис тажрыйба ала алышат.
Лагердин программасында окуу планынан тышкары (профессионалдык студияларда билим алуу) эл аралык волонтёрлор менен тилди үйрөнүү, жашоодо керек болгон социалдык ыкмалар жана профессионалдык даярдыктар боюнча окуулар каралган. Инклюзивдик сменаны ийгиликтүү ишке ашырууда бардык насаатчылар жана студия чеберлери атайын даярдалган окуулардан өтүшөт.
Иштин жүрүшүндө инклюзивдик билим берүү жана окутуу боюнча материалдар иштелип чыгат. Долбоор бардык балдар үчүн сапаттуу билим берүүнү жана эс алууну сунуштайт.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңар болот: р/т.:+996 (312) 908804, с/т: +996 (772) 308103 –Гүлмира. E-mail:[email protected]
Булак: NazarNews.kg