www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Нуртас өзүн чет элдик ырчыларга  жана Димашка салыштырган адамдарга таарынычын билдирди деп кабарлайт nur.kz сайты.

"Азыр шумдук болуп кетти го. Өзүн пиар кылыш үчүн айтпаган сөздү айтты деп, көркөмдөп, кооздоп, монтаждап салат. Ошондуктан азыр сүйлөгөндөн да коркуп калчу болдук. Мен азыр эч кимге интервью бербейм. Бере албаймын, дейм да кутулуп кетемин" деди Кайрат.

Аны менен бирге ал ырчыларды өз ара салыштыргандарга да жооп берди.

"Макул мени чет элдин ырчылары менен салыштырсын. Бирок "казак менен казакты" салыштырып, ортолоруна от жагып, элге күлкү кылып койгондор мени күйдүрөт. Ал нерседен менин эч нерсем кемибейт. Бирок ошол сөздөрдү айткандар өзүн- өзү күнөө топтоп алат. Мени кимдер менен гана салыштырбады? Майрамбек байке менен, Ернар Айдар менен, Төрөгали менен. Жада калса айтышты "ой сен калып кеттиң, болду" дешти.

Эми жакында Димаш иним менен салыштырып жатышат. "Азамат казактардан ырчылар көп чыга берсин. Ал нерсе мени кубандырат. Бирок ушинтип салыштыра берип оң-тескери пикирлерди билдире берсек, бири-бирибизге элдер каршылаш кылып көрсөтүп коёт. Биз бир сахнада жүргөн өнөр адамдарыбыз. Димаш- менин иним. Кандай гана күндөр болбосун баарыбыз чогуу сахна адамдарыбыз. Бири бирибизден жалаң гана жакшы сапаттарыбызды алабыз. Анан ушинтип эки адамды кайчылаштыра берген болбойт" деп таарынычын айтты Кайрат Нуртас.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости