www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоонун күнү азырынча тактала элек болчу. Болжолдуу айтылып келген. Мисалы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. А бүгүн ажо датасын айтып салды.

Тагырагы, Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракесине арналган жыйын  Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Ага ажо Алмазбек Атамбаев барып куттуктап, сөз сүйлөдү. Сөз арасында ажо төрт жарым айдан кийин,15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн айтты. Ажо айттыбы, демек, дал ошол күнү болот. Буга чейин «чайналып» жаткан БШК ажо айткан датаны айтат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости