www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан ИИМинин укук бузуулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Умида Абдуллаева аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап кеткени жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
Эске салсак, октябрь айында Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына апасынын абалы начарлап кеткенин жана ал түрмөнүн медицина бөлүмүндө пневмония диагнозу менен дарыланып жатканын жазган.
ИИМдин өкүлү Гүлнара Каримованын түрмөдө өз жанын кыйганы тууралуу кептерди да четке какты.
«Өзүн-өзү өлтүрүү же башка терс окуялар жөнүндөгү сөздөр негизсиз. Гүлнара Каримова сот белгилеген жазасын өтөп жатат», – деди Умида Абдуллаева.
Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы, 48 жаштагы Гүлнара Каримова «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар менен 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg