www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлнара Каримованын уулу президенттин үй-бүлөсүндөгү чыр-чатактын сырларын ачыктады. Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова өлкөдөгү 2-адам катары эсептелип, практикалык түрдө кол тийбестикке ээ болгон. Өз атасынын маңдайында туруп, мамлекеттин казынасынан 1 миллиарддан ашуун акча каражатын уурдаган.

Өзбекстандын ханышасы бир нече жылдар бою коррупция менен алектенип колго түшпөй келген. Бирок кокусунан анын “кылтакка илиниши” Гүлнараны бирөө сатып койгондугун айгинелеп турат. Гүлнара Каримованын уулу апасын өзүнүн апасы менен сиңдиси “саткандыгын” жашырган эмес.

Гүлнара Каримованын уулу Ислам Каримов (Гүлнара Каримованын уулунун аты-жөнү да Ислам Каримов) BBC басылмасына берген маегинде таенеси Татьяна  менен таежеси Лола Каримоваларды апасын түрмөдө жашырууда айыптаган.

сын гульнары каримовой ислам фото сурамы боюнча табылган сүрөттөрИсламдын айтымына караганда Өзбекстандын мурунку президенти кызы Гүлнарадан эч качан баш тарткан эмес. Ал эми Татьяна жана Лола Каримовалар элге "биздин президент кызынан баш тарткан, ал эми Гүлнара чындыгында начар адам" деген түшүнүктү киргизүүнү каалашат.

Ислам Каримов (кичүүсү) Гүлнара Каримова үй камагында жатканда анын апасы менен сиңдиси тамак, бербей, же ага тамак сатышып, тынымсыз кордошкон деген пикирде. 

Ошондой эле Ислам (кичүүсү) экс-президенттин үй-бүлөсүндөгү жарака кеткендигине көп убакыт болгондугун белгилеген. Президент Ислам Каримов Гүлнараны кичүү кызына үлгү катары көрсөтүп, эже-сиңдилердин мамилесине доо кетишине себеп болгон. Атасынан: “эмне үчүн сен эжеңдей боло албайсың, эмне үчүн эжеңдей жакшы окуй албайсың?”,-деген сыяктуу сөздөрдү угуп чоңойгон Лола Каримова эжесинен өч алгысы келген. Гүлнара Каримованы кетирүү мүмкүнчүлүгү чыкканда Лола Каримова андан бактысыз балалыгы үчүн өч алып, каматкандыгын анын уулу айтып келет.

Лола Каримова да интервьюларынын биринде эжеси менен 12 жылдан бери сүйлөшпөй келе жаткандыгын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости