www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Садыр Жапаровдун митингинде гейлер пайда болду

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын  митинги өтүп жатат.

Митинг башталгандан бир нече мүнөт өтпөй, ызы-чуу чыгып, эл арасынан бет кап кийген гейлерди сууруп чыгышты. Анда алар плакаттарга “гей-парад” деп жазып алышыкан. 

Митингди  Түз эфир  аркылуу көрө аласыздар.

Митингдин катышуучулары “мындай туура эмес үгүт жүргүзүүнүн кереги жок, тынчтык менен тарайлы, балдардын келечегин ойлойлу, биз Садыр Жапаровго деген ураан менен келгенбиз" деп жатышат.

Белгилей кетсек, митинг башталарга чейин уюштуруучулар тарабынан төмөндөгүдөй эскертүүлөр берилген.

“Биз Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылганы чыктык. Ар кандай провокацияга жол бербей, бийликке карата чагымчыл сөздөрдү сүйлөбөгүлө. Борбор аянтыбызды таза кармайлы. Түкүрбөгүлө, тамекилерди таштабагыла. Эгер ошондой боло турган болсо четке чыгарып тартипке келтирип коё турган адамдар бар”,-деген  алып баруучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости