www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримова жеке каттам менен Дубайга учуп кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы Каримова жайгашкан мейманкана өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди. Бул маалыматты бир нече көз карандысыз булактар да тастыкташты.

Буга чейин, 1-октябрда анын кызы Иман Каримовага таандык делген Инстаграм-аккаунтта Гүлнара Каримова Ташкенттеги үйүндө экени тууралуу билдирүү чыккан.

3-октябрда Каримова бир нече жеке күзөтчүлөрү менен бирге жергиликтүү убакыт боюнча 14:00дө Араб Эмиратына келип, Дубайдагы эң кымбат мейманканалардын биринде жайгашканы белгилүү болду. “Азаттыктын” өзбек кызматына бул маалыматты Каримованы тосуп алып, мейманканага жайгаштырган бир нече киши тастыктаган. Кийинчерээк мейманкананын атын атагысы келбеген кызматкери Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы чынында эле келгенин ачыктады.

Журналисттер Гүлнара Каримова жайгашты делген бөлмөдөгү номерге чалышкан. “Гүлнара, бул сизсизби?” деген суроого аял киши: “Ооба, бул ким?” деп жооп берген. Бирок кабарчылар чалып жатканын билген соң, трубканы коюп койгон.

Ал ортодо VIP-кардарларга кызмат көрсөткөн бөлүмдүн жетекчиси мейманканадагы беш люкс номерди чындап эле Гүлнара Каримова брондогонун тастыктады. Бирок ал конок Гүлнара Каримова экени тууралуу маалыматты четке какты.

– Силерди ишендирип коёюн, биздин VIP-коногубуз Өзбекстандын жараны эмес. Ал башка өлкөнүн жараны. Анын үстүнө ал президент Каримовдун тун кызынан алда канча жаш, – деди ал.

​Күн мурун өлкөнүн Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова эркиндикке чыккандыгы тууралуу кабарды четке какты. Расмий маалыматтар боюнча Каримова ири өлчөмдө пара алганы үчүн беш жылга соттолгон.

Буга чейин Каримова салык төлөөдөн качуу, бөлөк бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу боюнча да айыпталган.

Булак: "Азаттык"

Последние новости