www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Кийинки мезгилде негизсиз камалгандардын ичинде депутат Осмонбек Артыкбаевдин аты эл ичинде аталып жатат. Ушул жагдайга таянып кандай пикир токуй аласыз?

— Эми мунун чоо-жайына келсек мындай пикирге токтолмокчумун. Капыстан келген кырсыктын илебине Осмонбек да илингендей болуп калды. А чындыгында министр болгонго чейин эле ал адал эмгеги аркылуу бизнесин түптөп, турмушун оңоп алган. Тапкан ырыскысын эли менен бөлүшүүнү да эсинен чыгарбай жону жука делген таланттууларды колдоого алып, далайлардын сөөгүн агартты. Үлкөн мааракелердин башында туруп, коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун 100, залкар акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын эстен кеткис кылып өткөрүүгө дараметин көрсөттү. Ошондой эле композитор, обончу Жумамүдүн Шералиевдин 100, КР эл артисти, акын Тууганбай Абдиевдин 80, КР эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун 80 жылдык мааракелерин өткөрүүгө омоктуу салымын кошкон. Кандай иш-чара болбосун дайыма жигердүүлүгүн көрсөтүүгө жанын үрөчү эле. Анын жөнөкөйлүгүн, илбериңки мамилесин биз, өнөр адамдары көп байкадык. Айрыкча согуштун ардагерлерине, эмгек ветерандарына, жакыр жашагандарга камкордук көргөнү үчүн адамдардын ыраазычылыгы арбын айтылчу.

— Сиздин пикириңизге тереңдеп карасак, Осмонбек Артыкбаевдин күнөөсү жок экен да?

— Аны алаканга салгандай эле баамдоого алып турабыз да? Мындай мекенчил адамдарыбызды куурата берсек түптүү эл болбой калабыз деп чоочулайм. Маселен, өзүнүн турмушун мээнети менен калыптандырып алган, капчыгында жетиштүү каражаты бар министр мамлекеттин гана кызыкчылыгына кызматын кылаары айкын эмеспи? Ал эч убакта колун арам акчаны жулуп алууга салмак эмес. Жакындан мамиле кылып, анын адамкерчилик сапаттарына көзүбүз жеткен үчүн Осмонбектин күнөөсү жоктугуна кепилдик бергенге макулбуз. Сөздүн кыскасын айтканда Артыкбаевдин ишин тезирээк кыскартып, камактан чыгарыш кажет. Мындай калыс пикирлерин аны тааныган, санаалаш болгон коомдук ишмерлер, окумуштуулар, өнөр адамдары байма-бай жазып жатышканы бекерден эместир? Демек, ак ийилет, бирок сынбайт деген элдик макалга негиздеп сөзүмө чекит коймокчумун.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости