www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Социалдык-маданий демилгелер фондунун Башкы директору Д. Соловьев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы аталган Фонддун «Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү» бүткүл россия майрамына, «Ак роза» долбооруна, «Нурлуу периште» эл аралык кайрымдуулук кинофестивалына, «Орус балети» жаш аткаруучулардын бүткүл россиялык конкурсуна тиешелүү негизги долбоорлору менен таанышты.

Россиялык тарап президенти Светлана Владимировна Медведева болуп эсептелген Социалдык-маданий демилгелер фонду, руханий-адеп-ахлактык кайра жаралууга, россия коомунун улуттук салттуулугун сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Россияда гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган социалдык жана маданий чөйрөдөгү жигердүү ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат байланыштарды активдештирүүнүн, ошондой эле өлкөлөр ортосунда регионалдык жана маданий аралык байланыштарды бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикирин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости