www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда коронавирустун түштүкафрикалык штаммы аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор сайтында маалымдалды.

Федералдык кызматтын маалыматы боюнча, өлкөдө түштүкафрикалык штаммынын эки учуру катталды. Дагы 28 изолят британиялык вариантына таандык, 16 учурда башка мутациялар аныкталган. Россияда бразилиялык штамм аныкталган жок.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жаңы жана жугуштуу түрү 18-декабрда Түштүк Африкада табылган. Кийинчерээк AstraZeneca коронавирус вакцинасы вирустун жаңы түрүнө каршы натыйжасыз экендиги белгилүү болду. Түштүк Африка бийлиги англиялык-шведдик фармацевтикалык компаниянын дары-дармеги менен калкты эмдөө планын ишке ашырууну токтотту.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости