www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2-3 күндө корнавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта медицина кызматкерлери, социалык кызматкерлер эмделет.

Калкты вакцинага ишендирүү маселеси каралган. Вакцина келгенде акциялар өткөрүлөт. Алгачкылардан болуп, министрликтин өкүлдөрү да эмдөөдөн өтүшөт.

«2-3 күндө вакцина алып, четинен эмдөө процессин баштайбыз. Бирок вакцина талаш оокат болуп жатат. Аларды сынап көрүп, жыйынтыктары менен таанышып, вакцинаны тандап алууга мүмкүнчүлүк бар. Анткени каражат маселесинде өнөктөштөр менен макулдашып, даяр турабыз. Ошол эле учурда жаңы чыгып жаткан вакциналардын өнүмдөрүн алып чыгууга убакыт керек болууда. Орусиянын вацинасынын 10 млн дозасы гана чыкты, алар 100 млн калкын эмдеши керек. Мүмкүнчүлүктөр чектелүү болууда», - деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости