www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвияда коронавирустун жаңы штаммы табылды

 

Латвияда буга чейин Угандада табылган коронавирустун жаңы түрү табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалардын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, Латвиянын Биомедициналык изилдөө жана билим берүү борборунан билдиришкендей, угандалык A.23.1 штаммы аталган өлкөдө жалпы жети кишиден табылган. "Уганда штаммы жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Бирок ал кооптуу болушу мүмкүн",- деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, Латвияда коронавирус биринчи жолу өткөн жылы 2-мартта катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 94 миң адам илдетке чалдыкса, 1 миң 769 бейтап көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости