www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекенчилерден» кутулууну көздөгөн кыргыз бийлигинин «чекеси ысыбай» турган өӊдөндү. Бишкек шаардык сотунун чечими күчүнө кирсе Аида Салянова мандатынан айрылат. Бирок, анын ордуна тизме боюнча келе турган Гульнара-Клара Саматтын «аркасында калбыры» бар экен.

Тактап айтканда Клара Кабилованын орус жарандыгына ээ экендиги буга чейин дагы ЖМКларда кеп болгон. «Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт» эмеспи, БШК дагы бул маалыматты тактай албай эки анжы болуп жатыптыр. Эгер ал тактаганга чыгынбаса чын эле Гульнара-Клара Саматтын жарандыгын ким текшерет? - деп жазат "Кыргызтудей" маалымат агенттиги.

Эске сала кетсек, Клара Кабилова тууралуу биздин редакцияга бир нече маалыматтар келип түшкөн. Азырынча маалыматтар редакциянын кызычылыгы үчүн ачыкка чыкпайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости