www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда коопсуздук кызматкерлери динчил кишилерден намаз окууну токтотууну талап кылууда. Ошондой эле, аталган аймакта коопсуздук кызматкерлери пенсия курагына жете электе мечитке баргандарды суракка алууда.

«Эмне үчүн намаз окуп жатасың?», «Ким менен сүйлөшөсүң?», «Ата-энең барбы?» өңдүү суроолорду беришүүдө. Андан соң ,намазга жыгылбоону, мечитке барбоону талап кылышууда",- деди өз булактардын бири.

Негизи эле, суракка алынгандар мечитте же иш ордунда намазга жыгылышса, жумуштан бошотулары жөнүндө эскертүү алышкан.

Мурда Түркияда иштеп келгендер тыкыр тергелүүдө. Сакалчандардын сакалын алууга мажбурлап, андан соң гана бошотушууда.

Күч түзүм кызматкерлери эмне себептен сурак жүрүп жатканын түшүндүрүшкөн жок. Айрым район акимчиликтерине намаз окуган кишилердин тизмесин түзүү тапшырмасы берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости