www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалды делген эки кыргызстандык жаран тууралуу маалыматты тактап берүүнү талап кылган нотаны Бишкектеги казак консулуна тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

Нота Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Ерлан Абишевге чукул берилди. Документтин мазмунунда жалпыга маалымдоо каражаттарында “Казакстанда Кыргызстандын эки жараны кармалганы, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты экени" тууралуу маалыматты тактоо же төгүндөө тууралуу жазылган.

Буга чейин Tengrinews маалымат агенттиги Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасап, “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын жазган. “Өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени белгиленет. Анын ичинде Кыргызстандын эки жараны бар экени жана анын бири Кыргызстандын парламентинин депутаты экени да” жазылган.

Жогорку Кеңеш да бул боюнча комментарий бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости