www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№ 17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун дагы эки дарыгеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ҮМБнын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, кечээ карантиндик зонага барууга мажбур болгон ҮМБдин 22 кызматчысынын ичинен эки медайымдын коронавирус инфекциясына чалдыкканы бүгүн ПЦР анализдеринин натыйжаларынан белгилүү болгон. Ошондуктан алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.

Гүлнара Ташибекова обсервацияда жаткан борбордун калган кызматкерлери дагы эле көңүлү чөгүп, үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана балдарынын ден-соолугунан чочулап жатышкандыгын кабарлаган. Алар ПЦР анализи жакындарынан да алынсын деп суранып жатышкандыгы маалым болду.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган оорукананын 4 кызматкеринен вирус аныкталгандан кийин мекеме дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости