www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында ишкерликти колдоо боюнча чаралар, постпандемиялык мезгилге пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кыйын кырдаал күндөлүк турмуштун көп жактарына терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Туруктуу өнүгүү факторлорун кайрадан баалоо жүрүп жатат.

Кыска мезгил аралыгында бүткүл дүйнө жүзүндө башкаруудагы кемчиликтер менен алешемдиктерди саламаттык сактоо, билим берүү жана калкты социалдык жактан колдоо системалары көрсөттү. 

Мындан улам Президент Сооронбай Жээнбеков орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн стратегиялык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тууралап, кайра карап чыгуунун, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен чечкиндүү реформаларды жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Постпандемиялык мезгилде ата мекендик экономиканын ырааттуу, туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарга стратегиялык максаттар жана багыттар чагылдырылган узак мөөнөттүү Экономикалык концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Аталган Концепция жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана заманбап чакырыктарга таянуу менен дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын өнүгүшүн эске алуу менен иштелип чыгышы керек.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкерлерге фискалдык, каржылык жана административдик колдоо боюнча чараларды өзүнө камтыган Өкмөттүн кризиске каршы чараларынын экинчи пакетин иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдады.

Аталган чараларды ишке ашыруу 2020-жылдын аягына чейин мерчемделген жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган. Ал бул максаттарга 14 млрд сомдун тегерегиндеги суммада ички жана сырткы булактар аныкталганын айтты.

Ошондой эле Эркин Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жаткандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, посткризистик мезгилде өнүктүрүү программаларын жана социалдык-экономикалык түзүмдүк реформалар пакетин иштеп чыгуу үчүн эксперттерден, ишкерлер коомчулугу менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады.

Вице-премьер-министр бул иштер ишкерлердин, донорлордун, жарандык коомчулуктун сунуштары жана демилгелерин эске алуу менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости