www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун директору, геолого-минералогия илимдеринин доктору, Россия табият илимдери академиясынын ардактуу Академиги Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевич Серго Орджоникидзе атындагы Россия мамлекеттик геологиялык чалгындоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Улуттук илимдер Академиясынын геология институттунда жөнөкөй кызматкерден баштап, жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Жетекчилик тизгин менен илим изилдөө, уюштуруучулуктун кошо ала жүргөн. Буга ал катышкан Германия, Кытай, Япония, Малазия, Бразилия, Америка, Норвегия, Италия өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө өткөн эл аралык конференция, симпозиум жана башка жыйын, жолугушуулар далил. Ошондой эле 183 илимий эмгектин автору. Анын 147си макала түрүндө бир канча китептерде жарык көргөн.
Кадырбек Сакиевдин эл аралык илимий долбоорлору кыргыз улутунун жүзү катары дагы далай ѳлкѳнү кыдырат. Анын илимдеги жетишкендиктери урпактарга үлгү болот.
Кадырбек Сатыбалдиевич кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны болчу десек жаңылышпайбыз. Анын басып өткөн жолу өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга сабак болот. Анын жаркын элеси кыргыз элинин, биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө адамгерчиликтүү жана мыкты адам катары кала берет.
Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Асылбек Жээнбеков,
Каныбек Бокоев,
Улугбек Ормонов,
Азамат Арапбаев,
Искендер Матраимов,
Каныбек Иманалиев,
Кожобек Рыспаев,
Курманкул Зулушев,
Закир Шарапов,
Улан Примов,
Таалайбек Масабиров,
Надир Каримов,
Данияр Төлөнов
Булак: NazarNews.kg