www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, абалы оор. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков жасалма аппараттан чыгып, өзү дем алып жатканын билдирди. Бирок, ал өзүнө али келе элек.

“Буту-колу акырындан кыймылдай баштады, бирок муну мээ башкарган жок. Ошол себептүү дары менен уктатып кармап жатабыз. Кан басымы, жүрөгүнүн согушу кудайга шүгүр, жакшыраак. Негизи абалы оор, бирок туруктуу. Жаңы түшкөн учурга салыштырмалуу кичине жылыш бар", — деп дарыгер Сабырбек Жумабеков айтып берди.

Социалдык тармактарда ырчынын сахналаштары, күйөрмандары, достору, туугандары да Кадырбековага ден соолук тилеп, эртээрек сакайып кетүүсүн жазышууда.

Алардын ичинен КРнын эл артисти Гульнур Сатылганова: “Асель, алтын кыз сакайып кетегой. Эч кимге зыяны жок, өтө назик, кичи пейил кызыбызды кудайым сактай көр. Үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин, бир туугандарынын бактысына бутуна туруп кетсин”, - деп жазган.

Ал эми ырчы айымдын өкүл апасы, ырчы Неля Нуркулова Асель кабылган жол кырсыгы тууралуу: “Кагылайын калың-журт, оор сыноо башка келип, өкүл кызыбыз Асель кырсыкка кабылып, ооруканада оор абалда. Жаратуучудан алакан жайып жалбарып, ырайым тилеп, дуа кылып коюңуздарды өтүнөм. Аллах эң боорукер зат”,-деп жазган.

“Ээ Аллахым, Асель кызыбызга шыпаа бер. Нурлан менен Дариянын жанында өзүн бол. Ата-энеңдин маңдайында бар болчу берекем. Сен күчтүү кызсың, сага баарыбыз ишенебиз, Алллахымдан берилген бул сыноонун сен жеңесиң. Сени кыргыз эли жакшы көрөт.,- деп куудул Гүлжайна Атаканова ырчыга де соолук тиледи.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишинде эки унаа катуу сүзүшкөну маалымдалган. Андан болжол менен 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ичинде ырчы Асель Кадыбекова да бар экени айтылган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости