www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 27-июнь күнү 39 жаш курагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Запольский Олег Викторович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган.2004-жылы Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөп баштаган. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер кызмат ордуна которулган. Бул чөйрөдө кызмат өтө убактысында кесиптештери менен Кыргызстандын аймагында жана эл аралык деңгээлдеги туруктуу кылмыштуу топторду жана баңгизаттарды сатуучуларды кармап, бир топ кылмыштардын бетин ачкан. Бул эмгектери үчүн, Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Жамааттык коргонуу келишим уюмунун (ЖККУ) медалдары жана артыкчылык белгилери менен сыйланган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган. 

Олег Запольский, 2015- жылы Россия Федерациясынын ИИМдин Башкаруу Академиясынын  ички иштер органдарынын ишин уюштуруу факультетине тапшырып, 2017-жылы аяктап, экинчи жогорку билимге ээ болгон.  2017-жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын башчысы болуп дайындалган. 

Кызмат өтөө учурунда, өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алды. Жоопкерчиликтүү, тартиптүү, оор басырыктуу, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда өздүк курам арасында кызматты мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу. Өмүрүнүн бүткүл убактысы кызматына арналып, дайыма бардык күчү менен жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келди. 

ИИМдин жетекчилиги, Коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы милициянын подполковниги Олег Запольскийдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Бул биз үчүн чоң жоготуу.  Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости