www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Асель Кадырбекованын жолдошу Нурлан Насип өзүнүн социалдык баракчасына "сен мага керексиң", “суранам, кетпе”, “мен жаныңдамын” деген сөздөрдү камтыган сүрөттөрдү жарыялап катталуучуларынын жана күйөрмандарынын көпчүлүгүн ыйлатты.

Белгилей кетсек, 26-июнда автокырсыкка учурап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы Асель Кадырбекованын абалы тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Алгач жасалма дем алдыруу аппаратында эле, азыр өзү эле дем алып жатат, бирок эсине келе элек. Буту-колу акырындан кыймылдай баштады, бирок муну мээ башкарган жок. Ошол себептүү дары менен уктатып кармап жатабыз. Кан басымы, жүрөгүнүн согушу кудайга шүгүр, жакшыраак. Негизи абалы оор, бирок туруктуу. Жаңы түшкөн учурга салыштырмалуу кичине жылыш бар", — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чоң жол кырсыгы болгон. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган.

4-шаардык ооруканадан ырчы Асель Кадырбекова өтө оор абалда жеткирилген.

Жол кырсыгы 26-июнда саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган: экөө Honda унаасында, үчүнчүсү-айдоочу Асель Кадырбекова Toyota Camry үлгүсүндөгү унаада болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости