www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Маалыматта Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экенин, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.
Негизи, мыйзам долбоору 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилген эмес. Иш убактысы бүтүп баратканда гана депутаттар Аккулу Бердиев, Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова документти кайра добушка коюуну сунуштап чыгышкан. Авторлордун бири Гүлшат Асылбаева буга мындай жүйө келтирген:
--"Төрага мыйзам долбоорун добушка коюуга милдеттүү. Анткени буга чейин долбоорго добуш берүүдө депутаттардын кайра добуш берүү укугу бузулган. Документ парламентте үч окуудан тең өткөн. Анын макулдашылган варианты гана колго салынган. Мыйзам долбоору артка кайтарылды деген туура эмес. Себеби, биз аны кабыл алып президентке кол коюуга жөнөткөнбүз. Биз болгону макулдашылган вариантын талкууладык", - дейт ал.
Документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Ушул эле мыйзам долбоору былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн.
Ага каршы жарандык коом тынымсыз нааразылык акцияларын уюштуруп келди. Мындай аракеттерден кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.
Булак: NazarNews.kg