www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Салам Кыргызстан» берүүсүнүн алып баруучулары Гүлжайна Атаканова менен Назира Жетигенованы мактагандар да, сындагандар да арбын. Алып баруучулар сынга кабылышып, эфирден көптөн бери көрүнбөй кетишкен эле, жакында кайрадан мурдагыдай эле эфирге чыга башташты. Андан улам кызыгуу пайда болуп, алып баруучуну кепке тарттык.

 - «Салам Кыргызстан» телеберүүсү аркылуу сиздерди кайрадан көгүлтүр экрандан көрүп калдык. Бир жолку чыгарылыштан кийин элдин тепкисине кабылдыңыздар эле.

- Берүүнүн ар бир сезону 13-15 берүүдөн туруп, бүткөндөн кийин 2 айдай тыныгууда болобуз. Чыпалак Баатырды чакырган убакта ошол сезон бүткөн. Анан Чыпалак Баатыр менен Клара Алибекова келгенде аны-муну деп бир аз интрига болуп кеткен. Мен ал нерсеге көңүл деле бурган эмесмин, анткени ал жерде күнөөм жок экенин жакшы билем. Ортодо үч ай тыныгуу болуп кетти, андыктан бизди чыкпайт деп ойлошуптур. Чындыгында эфирге кайра чыгарыбызды билчүбүз. Жаңы сезон башталган убактарда Назира эже экөөбүз бир компания менен келишим түзүп, аймактарда гастролдо жүргөн элек. Келип, берүүгө тартылып кетели десек үч күн кетет экен, бирок “концерттер белгиленип калган” деп ал жактан уюштуруучулар жибербей коюшту. Ошондуктан Санжар берүүнү өзү алып барып жатты. Андан кийин келип тартылып, баштагыдай эле чыгып атабыз.

- Жаңы сезондо ушак бөлүмүн көрө алган жокпуз, ошол жерин кызыгып көргөндөр да арбын экен…

- Ооба, ушак бөлүмү жок чыгып атканбыз. Анан элдин кызыгуусу күч экенин сурануулардан улам байкадык. Андан улам чыгармачыл адамдардан: «Силер кандай ойдосуңар, эгерде таарынсаңар ушактабай эле коёлу?»- деп сурасак, алар да өздөрү тууралуу уккусу келишип, ошол жерин кызыгып көрөрүн айтышты. Ушул убакка чейин таарынган деле эч кимди кезиктире элекпиз. Чыпалак Баатырга элдин баары эле күлүшөт, биз деле айла жок күлгөнбүз. Ошентип сурануулардан улам кечээ жаңы берүү тарттык эле, ушактаган жери кошулду.

- Сиз куудул катары таанымал элеңиз, алып баруучулук кылуу башында кыйын болдубу?

- Чынында куудулдук менен алып баруучулуктун багыты таптакыр эки башка. Мен да башында бир нукка түшө албай кыйналдым. Алып баруучулук кылганыма төрт жыл болду, Кудайга шүгүр, азыр такшалып калдым. УландысыЭфирге Назира эженин сунушу менен келгем. Бул берүү менин рейтингимди аябай жакшы көтөрдү. Мурда 100 кишинин 50сү тааныса, учурда 95и таанып калды. Карыган кемпирлерден кичинекей кыздарга чейин таанып, учурашып, сүрөткө түшүп алалы деп калышат. Жети-сегиз жылдан бери тойлордо да тамадалык кылам, учурда чакыруулар арбын. Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

- Тамадалык, куудулдук, алып баруучулук үч тармакта жүрөсүз, кайсынысына көп басым жасайсыз?

- Мен үч тармакты бирдей алып кеткенге аракет кылам. Бирок жаңы сатира ойнобой жатам. Быйыл сахнада 10 жыл деп Жаңы жылдын башына белгилеп даярданып атам. Билинбей эле сахнага чыкканыма он жыл болуп калыптыр.

- Он жыл мурунку Гүлжайна кандай эле?

- Чачы тармал, ал чачты бир байлам кылып байлап алган, толук, энергияга бай кыз болчу. Ал учурда үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси элем. Мектепти аяктаганымда актриса же милиция болом десем, ата-энем каршы болуп мугалимдикке окутуп коюшкан. Көнүлүм жок болуп окуумду таштап койгом. Ал ортодо турмушка чыктым. Кийин кайра эле ошол мугалимдикке окудум. Бирок «артис болом» деген көксөөм сууган жок. Түнү менен олтуруп ыр жазчумун. Үй-бүлөм менен Бишкекте турчубуз. Бир күнү Рахман Разыков филармонияда «Бири куудул, бири ырчы, эл тараза эл сынчы» деген концерт өткөрүп атканын угуп, күйөөм жумушта жүргөндө бардым. Вахтада отурган эже менен таанышып, Рахман агайга жолуктуруп коюусун сурансам: «Аксынын кызы болот экенсиң, ошол жактын балын алып келип берсең, жолуктурам»,- деди. Бир күндүн ичинде айылдан бал алдырып, эртеси аны көтөрүп кайра бардым. Эже мени Рахман агайга жолуктурду. Бирок агай: «Кой, кызым, барагой, сенин үй-бүлөң бар экен. Артис болом десең күйөөң түшүнбөйт, ажырашышыңды каалабайм»,- деп кетирип жиберди. Аталган концерт жети күн болмок, мен үч күндүн ичинде күйөөм менен ажырашып, кызымды ага таштап кайра барып алдым.

 - Жакшынакай үй-бүлөңүздү кантип таштадыңыз?

- Бактылуу жашоону ким эле таштап кетсин, мен кеткенден кийин бактылуу болдум. Ошол бир литр бал багымды ачты, жашоомду таттуу кылды деп калам. Бирок чыгармачылыкка өтө кыйынчылыктар менен келгем, бирөөнүн колдоосу менен келгендерге жеңил болот экен. Сахнада куудулдар мени теңине албай өгөйлөшсө, үйдө ата-энем «сага окшогон кызыбыз жок» деп коюшкан. Ушунчалык сабырдуу адам экем, унчукпай ушул деңгээлге жеттим.

 - Рахман агай ажырашып келгениңизди угуп кандай кабыл алды?

- Ишенген жок, ошон үчүн кабыл алган жок. Мен көшөрүп туруп алсам Назира Жетигенованы чакырып: «Ушул кызды гастролго алып барып, бир нерсе чыгабы, жокпу көрүп кел»,-деди. Чыгармачылыкта мени 1-класста Назира эжекем окуткан болсо, 2-класстан 11-класска чейин Рахман агай окуткан. Ичиме бук толуп, ушунчалык кыйналып калган экем, сатираларды укмуштуудай ойногом. Сахнадан эженин алтын чынжырын үч бүлөп үзүп койгонго чейин берилип ойноптурмун. Гастролдо сегиз ай жүрдүм, анан Рахман агай чакырып: «Беш абышка, беш кемпир» деген топ ачты. «Беш кемпир» тобунда үч куудул кыз бар болчубуз. Рахман агай топту мага өткөрүп берген, буйруса убагы келгенде топту кайрадан жандандырып, элге алып чыгам. Агайымдын ишеничин актаганга аракет кылам. Алдыда пландар көп. Өзүңөр көргөндөй кино тасмаларга да тартылып жүрөм. Буйруса режиссёрдук жаатта билим алам деп турам. Жакында «Томпошка Тоня» деген кино тарттык, тасмага өнөктөшүм менен продюсердик кылдым, жеңенин да ролун аткардым.

 - Он жылдын ичинде материалдык жактан да өзгөрүү болгондур?

- Азыр айрымдар «акча мен үчүн колдун кири» деп калышат го. Калп айткан менен болобу, азыр жашоодо биринчи орунда акча туруп калды. Бирок мен акчанын кулу эмесмин, жашаш үчүн иштеп акча табам. Он жыл мурда бир эле Жайна бар болчу. Азыр Кудайга шүгүр, көп нерсеге жетиштим. Он жылдын ичинде үй алдым, жер тилке сатып алдым, ата-энеме үй салып бердим, аларга, өзүмө авто унаа сатып алдым. Мурда ата-энеме 100 бирдик да салып кубандыра алчу эмесмин. Азыр жылына бир-эки жолу саякатка алып барам, Ысык-Көлгө алып барам. Ата-энем да мага ыраазы болушуп: «Алты балам бир тең, Жайна бир тең»,- деп келишет. Ата- энеге балдарынын урмат сыйынан өткөн бакыт жок эмеспи.

- Кызыңызды атасына калтырып кетпедиңиз беле, качан колуңузга алдыңыз?

- Мен «артис болом» деп таштап кеткенде кызым үч жашар кыз болчу. Күйөөм кызымды эмес, өзүн карай алчу эмес, көрсүн деп кайра берерине көзүм жетип эле таштап кетип калгам. Билгенимдей эле кайра берди. Учурда кызым он үч жашка чыгып калды, өзүмдүн колумда.

- Турмушка чыкканыңызды айтып жүрдүңүз эле, учурда жеке жашооңуз кандай?

- Турмушум азыр өз нугунда. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда таарынышуу болду, жакшы кыз окшойм, менден кете албай койду(күлүп). Чыгармачылыгымды түшүнөт, гастролго чыкканда көбүнчө мени менен кошо жүрөт. Авто унаа айдап, жанымда жөлөк таяк болгонго бир адамга керек, жолдошум жанымда болгонуна кубанам. Балалуу болууну ушунчалык самап, күтүп жүрөбүз, тилекке каршы азырынча балалуу боло элекпиз.

- Сыртыңыздан караган адамга күйөөңүздү башкарган аялдай сезилесиз, үйдө кандайсыз?

- Сахнада чакчаңдап жүргөнүм менен, жашоодо тынчтыкты сүйгөн адаммын. Өзүм менен өзүм болуп, мага эч ким тийишпесе деп турам. Үйдө күйөөмдү башкарып, лидер деле болгум келбейт. Ал эми аял катары мыкты кожойкемин десем болот. Мен жасаган тамакты ичкен адамдын кайра ичкиси келет. Тамакты жүрөгүм менен берилип жасайм, сыры ошондо го дейм. Кыскасы, аялга тиешелүү жумуштун майын чыгара жасайм.

- Сизге карата ар кандай сын пикирлер айтылат, жазылат, кандай кабылдайсыз?

- Адамдардын ушунчалык майдаланып, бири-бирине карөзгөй болуп баратканына кейип кээде ыйлайм. Кечээ да ойлонуп олтуруп жыгылып, ооруканага барып асма ийне алып өзүмө келдим. Мен сыртымдан даңкылдап көрүнгөнүм мн өтө алсызмын. Дарегиме айтылган жаман сөздөрдү окуп жүрөгүмө жакын кабыл алам, ыйлайм. Андыктан инстаграмдагы баракчама жазылган терс пикирлерди жанымдагы кыздар мага көрсөтпөй өчүрүп коюшат. Өзүм да окубаганга аракет кылам. Баарынан да сенин жаныңда жүрүп, жашооңо кирип, анан бир күнү тикенек болуп сайган адамдардан чарчадым. Курбу бололу деп келип, аларга ишенип алсам алдап кеткендери болот. Ишенчээктигимден далай адамга алдандым. Былтыр жакын курбум деген кыз: «Мен курулуш компанияларынын биринде иштейм, арзан 1 бөлмөлүү батир чыгып атат, алып кал» деген. Мен ага ишенип акчасын берип койсом, качып кетиптир. Мага окшогондордон көп адамдарды алдаптыр. Мындан бир канча жыл мурун дагы жер тилке сатып алып пайдубалын куюп койгом, кийин барсам бирөө үй куруп алыптыр, кызыл китеби жок жерди алдап сатышкан экен. Азыр эч ким менен сүйлөшкүм келбейт.

Динара Чокоева

Булак: “Леди кж”

Последние новости