www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Турдаалы Кожоналиев менен жолугушуп, анын кызынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча так маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылгандарды четке каккан. Кийин кыздын сөөгүнө эки жолу соттук-медициналык экспертиза жасалып, анда маркумдун денесинде кыйноо менен жазылган жазуу аныкталган эмес. Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси буга макул болгон эмес.

Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кылмышка шектүү Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен козголгон ишти Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы иликтеген. Ал 20-июнда соттун чечими менен ооруканадан чыгарылып, эки айга камалган.

Бурулайды өлтүрүүгө байланыштуу шек саналган Марс Бөдөшевдин ишин кароо 5-сентябрга, ал эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти кароо 11-сентябрга коюлганы белгилүү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости