www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Кайрат Кыргыз (Кайрат Салмакеев) менен продюсери Эркин Мээркановдун ортосунда келишпестиктер чыкты. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу Элмара Турсуналиева жарыялады. Анын айтымында, Кайрат Салмакеевпродюсери менен түзүлгөн юридикалык келишимдин жоболорун одоно бузган.
1.Продюсер сүйлөшкөн иш-чараларга барбай коюуну адат кылып алган. 2. Кесиптештердин-чыгармачыл адамдардын арасында адепсиз мамиле жасаган фактылар катталган. 3. Продюсердин уруксаты жок жеке иш-чараларга баруу менен келишимди бузулган (көп ирет). 9. Продюсер-ырчы мамилесинин этикасын орой бузган.
Буга байланыштуу продюсер Эркин Мээрканов ырчыга төмөнкүдөй талаптарды койду: - 2018-жылдын 22-августунан тартып, Кайрат Кыргыз- Кайрат Салмакеев, мен ойлоп тапкан жана алып берген сахна кийимдери менен чыгууну токтотот. - Жазып берген ырларым: o «Жаштык кез» $5000 ыры. Клиптин баасы $1200; o «Жактырам» $2000. Клиптин баасы $1200; o «Гүлдөйжан» $3000; o «Сүйүү ыры» $2000; o «Жаштарга» А.Огомбаев $700 аранжировка. - Бул чыгармаларды кай жерде болбосун: коомдук жайларда, концерттерде, тойлордо, эл чогулган жерлерде , продюсер жана автор катары ырдоого тыюу салам.
Азырынча ырчы Кайрат Салмакеев бул боюнча пикирин билдире элек.
Булак: NazarNews.kg