www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлжан Каданова: Тайлак баатыр ким болгон?

Тайлак баатыр, Тайлак Рыскул уулу (болжол менен 1796, Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Акталаа жана Тогузторо райондорунун чеги –1838, Куртка деген жер) – 19-кылымдын 1-жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири өкүлү.

Саяк уруусунун чоро уругунан. Жанболот баатырдын небереси. Кокон хандыгы Нарын кыргыздарына бийлик жүргүзүү үчүн 1832-ж. Акталаадагы Куртка деген жерине сепил куруп, ал жерде миңден ашык сарбаз (аскер) кармап, элди эзип башкарган. Нарын кыргыздарынын Кокондун эзүүсүнө каршы күрөшүнүн 1-этабы 1832-ж. ТАЙЛАК жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. Кокондун 7 миң аскери аз кыргыз колун жеңип алып, элди салык төлөөгө мажбурлаган. ТАЙЛАК БААТЫР кайрадан кол курап, Курткадагы сарбаздарга тынымсыз кол салып, каршылык көрсөтүп, ордого баш ийген эмес.

Нарын кыргыздарынын Коконго каршы күрөшүнүн 2-этабы Мадали хандын Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберүүдөн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Кокондуктар 400дөн ашык сарбазынан ажырап качканда Тайлак баатыр аларды белде кууп жетип, жекеме-жеке сайышта Арапты өлтүргөн. Ошондон ал жер «Арап өлгөн жер» аталган.

Тайлак баатыр Куртканы ээлеп жатып, элден алган мал-мүлктү, кыргыз кыздарын кайрып берүүсүн талап кылып, Кокон ханына элчи жиберген. Тайлак баатырдын күрөшүнүн 3-этабы 19-кылымдын 30-жылдарынын аягына туура келет. Мадали хан Түркстан тараптагы казактын Эдиге төрөсү менен келишип, аны көп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанышкан. Эдиге Таласты чаап, Өтмөктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак баатыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет.

Бул урушта да Тайлак баатыр баатыр жеңип чыккан. 19-кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум тукумдарынын бири Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын 1-жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр менен Атантай Жааңгердин кыймылына колдоо көрсөтүшкөн.

Анткени алар кытай баскынчыларын кыргыз аймактарына өткөрбөөнү көздөшкөн. Кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу Жааңгерди колдогон кыргыздарды талкалап, жетекчилерин кармап келүү үчүн 1825-ж. Баян Бату генерал баштаган 500 кишиден турган аскерин Нарын тарапка жөнөткөн. Алар Тайлак баатыр жокто анын айлын курчоого алып, талап тоноп, жүздөй адамды өлтүрүшкөн. Бул кабарды уккан Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган.

Тайлак баатыр Курткадагы Какыр жерине арык салдырып, дыйканчылык жүргүзүп, элдин тынч турмушун көздөгөн. Тайлак баатырды өлтүрүү үчүн Көр Аким деген тыңчыны дарыгер кейпинде, нарындык кыргыздарга жөнөтүшөт. Ал үч жыл бою Тайлак баатырдын элинде жашап, тамырчы-табып катары таанылып, ишенимге кирген.

1838-ж. сасык тумоо тийген Тайлак баатырды дарыламыш болуп, кан аламын деп уулуу наш-тар менен мурунга саят да, ошондон улам Тайлак баатыр каза болот. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган.

КТЭ 2003 жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости