www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 17-июндагы жалпы жыйынында парламенттин бир катар депутаттары социалдык тармактарда фейк аккаунттардын чабуулуна, каралоосуна кабылганын айтып, аларга каршы мыйзам кабыл алуу демилгесин көтөрүштү.

Депутаттар Шайлообек Атазов, Самат Исманов, Өмүрбек Бакиров, Акыл Кемелов фейктер элди адаштырып, коомчулуктун пикирин тескери жакка буруп, айрым депутаттардын кадыр-баркына шек келтирип жатканын билдиришти. Буга байланыштуу аларга чара көрүү демилгеси көтөрүлүп, аны депутат Айбек Осмонов да колдоду.

«Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Мыйзам баарыбызга бирдей. Ошондуктан эң биринчи орунда адамдын абийири турат. Эмки отурумда Гүлшат Кадыровна көтөргөн токтомду (ред: мыйзам долбоору) күн тартибине киргизели», - деди ал.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Бурул Аманова мындай пикирлерге кошулган жок.

«Чектөө коюу деген бир аз туура эмес. Биз элдин жүгүн көтөргөнү келдик. Ошондуктан, сын айтылат. Ошол сынга чыдаган адам гана келе алат (ред: депутат болуп) болуш керек. Ооба, ачуу сөздөр айтылып жатат. Мен өзүм жөнүндө деле өтө көп нерселерди окуп, көрүп жатам. Сырткы келбетиме да кийлигишет. Бул маселеге өтө кылдат мамиле кылсак. Кесиптештер, «силер элдин ишенимин актайм» деп келдиңер. Алардын оозун жабуу канчалык туура?», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости