www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго чара көрүү маселесин көтөрдү.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды.

«Балким Улукбек Марипов сиз менен жолуккандыр. Балким сизде маалымат бар. Урматтуу кесиптештер, комитеттин чечимин чыгарыш керек. Ишенбөөчүлүк көрсөтөбүзбү же Улукбек Марипов өз ишин так аткара алган жок деп, бир чечим чыгарыш керек. Ошондо маселе олуттуу болот. Азыр келет, сүйлөйт, кетет. Мына кечээ Бакыт Райымкулов сүйлөгөн. Ал (Марипов) биз менен сүйлөшпөй калды, пресса аркылуу жооп берип койду Райымкуловго. Ал биз менен пресса аркылуу сүйлөшүп жатат. Жаңы дайындалганда эмне деп айтты эле, чоң атанын сөзүн сүйлөгөн, акимдер, арыктарыңарды тазалагыла деп.

Мына жыйынтык жок, суу жок. Ушул жерде трибунадан Кайырма каналы жөнүндө айтып, эмне болду? Эмне кылабыз келтирип? Азыр комитет карасын, жыйынтык чыгарсын. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлдүбү, аркы-берки маселелер көтөрүлдүбү, мына ушулардын негизинде бир чечим чыгарып коюш керек. Президентти уят кылып жатат. Жаңы Конституциянын негизинде иштебейби жок дегенде. Акттарды, дайындоо, буйруктарды кайсы мыйзамдын негизинде чыгарып жатат? Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Конституция боюнча президентке гана укук берилген. Мариповго нааразычылык күчөп жатат», - деди Төрөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости