www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин айлана-чөйрөбүздү атом менен молекуладан куралган тирүүчүлүк курчап турат, алар өздөрүнө тийиштүү дене, аң–сезим жана энергиясы менен тирүү организм катары саналат. Атом дагы, адам дагы, жалпысынан Жер–бардыгы тирүү организм. Жер адамзат жасап жаткан кордуктардан чарчады. Жер тирүү материя катары онтолоп дем алууда. Биз аны кордобогон күндө деле, биздин саясатчылар аны бөлүп алышып, зордуктап жатышат. Биз бүт Жер планетасын казып, ашмалтайын чыгардык, алтын алыш үчүн кайсы жерлерди гана жардырбадык, химиялык таштандыларга, цианиддерге жана пестициддерге бөлөдүк. Жердин көз жашынан кан чууруп чыга баштады. Арийне, билишибиз керек, эгерде Жер тирүү болсо, толугу менен адекваттуу жооп берүүгө укугу жана мүмкүнчүлүгү бар.

Адамзат–бул Жердин балдары жана алар жасаган иштери үчүн жазасын алыш керек. Бардыгы бул иштер үчүн күнөөлүү эмес, бирок бардыгы жооп беришет.

Көпчүлүк адамзаты Бүткүл дүйнөлүк топон сууну билишкен да, күтүшкөн да эмес. Адамзаттын бир аз бөлүгү билишкени менен, ага анчалык чоң маани деле беришкен эмес, балким ал болбой калат же бизге тийбей өтүп кетер деген үмүттө болушкан. Анча–мынчасы гана билишип, даярданышкан. Тилекке каршы, табият башка дүйнөгө кимди ала кетишти тигиниби, мунубу же үчүнчүсүнбү тандабайт. Табият өзгөчө миссия менен кимди калтырып койорун өзү билет.

Ушундай болуп келген, акыркы жолу да болгон, эми да ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан көптөгөн карапайым адамдар, күчтүү шамал каяктан согуп турарын түшүнө алышпай, чындык менен акыйкатчылыктын позициясына өтүшкөн. Ошондуктан көптөгөн адамдар бүгүн да жарылуу коркунучунда туруп, эмнеге болсо да даяр. Көптөгөн адамдар катуу чыңалып турушат. Жооп бере турган убак келди!!!

Убакыт келди, Эл Башкы айыптоочу жана Башкы сот катары чыга турган мезгил жетти. Эл сот катары кылмыштарын жарыялап, өкүм чыгарып жана бардык нерселерди өз ордуна койот. Буга чейин бийлик соттун милдетин аткарып келген. Ким буга чейин дайыма соттоп, кандай жашоону үйрөтүп, жана биз жашай турган мыйзамдарды кабыл алып келген? Ким мораль окуп келген жана окуп жатат? Ким коррупция менен күрөшүп келди жана күрөшүп жатат? Жооп: коррупционерлер, бийликтеги ач көз жана мээси жок жегичтер. Бардыгы эмес, бирок бардыгына чукул.

«Кимдин уйу көбүрөөк мөөрөйт», - дейт элде. Эми да мөөрөп жатат, адамдын денесин соруп жаткан канталадай болуп, демократия, өнүгүү, коррупция менен күрөшүү тууралуу сөзүн бекемдеп жатат. Биз бийлик менен эл бирге жашабай, ар ким өз  алдынча чекте жашаган абалга кептелдик. Элдин бийликке ишенбей калганына көп болду, ошондуктан өз жанын өзү багып, өз алдынча иштеп, салыгын төлөп, бир гана кан соргуч бийлик тоскоолдук кылбаса экен деп калды. Бирок бийлик кошо талашып, шылдыңдап, шимип иштегенге мүмкүнчүлүк бербей келатат. Түркөй бийлик өз алдынча иштеп, аларды багып, камсыз кылып, азыктандырып жана кийиндирип жаткандардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей келатат.

Ушулардын барынын башкы айыпкери, эмдигиче кантип жашашыбыз керек экени тууралуу мораль окуп, үйрөтүп келаткан  - бул А.Акаев. Борбордук Азиядагы «демократия аралчасын» курууга болгон аракет–мамлекетибиздин азыркыдай ыйлай турган абалга келгенинин башкы шарты болгон. Мамлекеттүүлүгүбүздү, эл чарбасын, илим, билим берүүнү, тарбиянын тарпын чыгарган куралданууга алган жалган концепциялар. Орнотулган режимдер мамлекеттик масштабда талап - тоноого, уруулукка жана мародерчулукка кенен шарт түзүп берди. Биздин Мекенибиздин бардык эшигин ачып берип, жаш муундарды бузуп, Акаевдин режими биздин мамлекетибизге бардык эл аралык аферисттерди, талап-тоногучтарды жана башка күчтөрдү алып келди.

Биздин мамлекетибизге орнотулган демократия иш жүзүндө фашизмден да коркунучка айланды. Анын коркунучтуулугу мында, карышкыр дайыма койдун терисин жамынып жүрөт. Ким демократия үчүн чындап берилип, иш кылган болсо, ал терең адашып, эмне кылып жатканы тууралуу өзү да билбейт.

Фашисттер жок дегенде өзүнүн кыла турган иштерин ачык айтып чыгышканы үчүн, эл коргоно баштаган. Демократия болсо өзүнүн маанисин кооз жана алдоого жык толгон сөздөрү менен жаап жашырып келатат. Демократия: «Же сен мени же, же мен сени жейм»-деп ачык айта албайт, ал «Алсыздарды тоно»-дебейт! Анын ордуна ал рынок менен конкуренциянын эркиндигин жарыялайт. Демократия «адам адамга жырткыч» деп айта албайт, ал ар бир инсандын бөлүнгүс индивидуалдуу укугу тууралуу кеп козгойт.  Жаштарды кулк мүнөзү жагынан бузууну же калктын саны көбөйүп кеткендиктен төрөлүүнүн санын азайтуу боюнча пландоону талкуулабайт. Анын ордуна сексуалдуу сабаттуулук жана баланын укугун коргоо боюнча маселени таңуулайт.

Эгер шарт түзүлгөн болсо, бардык кийинки башкаруучулар  ушул шаблон жана стандарттар менен иштешмек. Бакиевдин заманында катуу тартипти орнотуу боюнча аракеттер, өлкөбүздүн өнүгүү жолунда өз жемиштерин бере баштаган, ошол «демократтар» тарабынан ушул күнгө чейин кызуу талкууну жаратып келатат. Акаевдин бардык «жетишкендиктерин» санап отурбайбыз, ал тууралуу карапайым жарандар өздөрү эле санап билишет. Бир гана нерсени эстен чыгарбашыбыз керек, өлкөбүздүн кыйроосу ошол мезгилде баштаган. Эл болсо эмнеден экенин өзү билет.

Бакиевдин мезгилинде деле бийлик демократиялык стандарттардын катышуусу менен коштолуп турган, ошол бийликтин түбүнө жетти. Ишенимдүү жолдорго бурулуу аракеттери болгону менен, демократтар жеңишке жетишип, Бакиевди оодарышты. Бакиевдин жаңылыштыгы, ошол либералдарга катуу күч колдоно алган жок.   Өзүнүн 2, 5 жылдык башкаруу мезгилинде  (2,5 жыл бүтпөгөн митингдерден улам ага иштөөгө мүмкүнчүлүк беришкен жок) ал эл чарбасын көтөрө алды. Бакиевдик режимди сыноо үчүн үчүн, албетте, көп эле фактыларды келтирсек болот, бирок экономика жогорулап бараткан. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки 30 жыл ичинде 2008-2009 жылдары гана биздин республикалык бюджет профициттүү болгон. Мамлекет өз долбоорлорун өз алдынча  каржылай баштаган. Бул тууралуу бардык тиешелүү адистер, финансы жана экономика кызматкерлери билишет. Бакиевдин командасы бюджетти карактаган жок, ошондуктан Бакиев башкарып жаткан мезгилде коррупция тууралуу бир дагы соттук өкүмдөр болгон жок. Ага карата коюлган айып бир гана 7-апрель окуялары жана «тынч жарандарды атканы тууралуу». Тарых бардыгына «i» чекитин койот.

Саясий жана экономикалык системалардын кыйрашы, элди жана мамлекетти талап –тоноо жана толугу менен хаостун башталышы Отунбаеванын бир жарым жылдык башкаруусунда башталган. Бирок өздөрүнүн талап–тоногонун жаап –жашыруу максатында, алар «Бардыгына Бакиевдер күнөөлүү» деген башкы лозунг менен чыгышкан. 7-апрелдеги тынч жарандардын атылышы, Маевкадагы окуялар, 2010-жылдын июнь айындагы түштүктөгү карапайым элдердин ажал тапкандары булардын бары Отунбаева менен «убактылуулардын» абийиринде.

Бардык колдонулган мыйзамдардын процедурасын бузушуп, жаңы Башмыйзам кабыл алышты, бул мамлекеттин негизинин көз ачып жумгуча бузулушуна фундамент түзүп берди. Атка минерлерди мындай койолу, эгерде жыйынтыгында мамлекетти буза турган жана элди талап –тоноого мүмкүнчүлүк түзүп бере турган Башмыйзам менен мыйзамдарды  жөнөкөй адамдар кантип эрежесин сактайт.

Атамбаев – бир гана өз эли менен кошуналарга айып таккандан башка, мамлекетти башкарган жок. Ал айланасындагылар мамлекетти жана элди андан ары талап-тоноо үчүн пайдаланган, дартка чалдыккан адам болгон. Атамбаевдин оңдоого болбой турган мурастары – бул мораль менен адеп–ахлактын ылдый түшүп күм-жам болушу. Атамбаев башкаруу учурунда биздин коомго төмөнкүдөй эрежелерди кийирди:

-окуп кереги жок, билимдин пайдасы жок, шофер, жансакчы же «секретарша» болсоң болду;

-тартиптүү жана чындыкты бетке айтсаң–жумуштан кубалансың;

-чындыкты айтып же жазсаң – миллион сом айып төк;

-президентке эмне башка келсе ошону айта бер;

-бандит болуп алып деле мамлекетти башкара бер;

-мамлекеттик сыйлыкты кылган эмгегиң менен албайсың, президентке жакындыгың негизги ролду ойнойт;

-президент иштебесе мейли, бирок жылына 6-7 жолу дүйнө жүзүнө саякат куруу үчүн дайны жок эс алууларды ала берсе болот;

Азыркы учурда деле көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасала элек. Азыр убагы деле келе элек, деп айтышы да мүмкүн. Арийне, үч жылга чамалап бараткан соң жыйынтыктарды чыгарып койсо деле болот. Азырынча эч нерсе менен мактанууга болбойт. Мейли макул, жок дегенде коррупционерлерди отургуза башташты. Эгерде эч нерсе кылбаса да, элге тоскоолдук кылбашы керек. 

Белгилүү жазуучу Салтыков-Щедриндин «мужик» кантип эки генералды бакты деген аңгемеси бар, ошол сыяктуу жөнөкөй кыргыз эки –үч генералды багышы мүмкүн, бир гана канча жесеңерда дагы, анын иштешине бут тоспогула.  

Ушул жылдардын ичинде биздин бийлик мамлекетти талап –тоноду деген мүшкүлдүн жарым-жартысы эле,  башкы мүшкүл биздин мамлекетте орногон моралдуу климат, ушул режимдердин башкы себебинен кылмыштуулук, коррупция саат санап өсүп баратат, жол кырсыктары, мыкаачылык менен өлтүрүүлөр, жана өз жанын кыйгандар, балдарды жана аялзатын зордуктоо, төрөлүүнүн санынын азайышы, жакырчылыктын өсүшү, үй –бүлөдөгү ажырашуулар, массалык миграция, сойкулук, баңги заттарга берилгендик жана башка социалдык дарттар жукту. Төмөнкү аң –сезим төмнкү тиричиликти камсыз кылат.

Убакыт келди, эми биз биригишибиз керек, эгерде бийликтин муну кылгысы келбесе, келгиле жөнөкөй жарандар–биз жасайлы.  Мен түшүнүп жатам, ушул макалаларды  окуп чыккан соң мени бакиевчил деп атап жана күнөөлөй башташат.

Ооба, мен Бакиевчилмин. Биз барыбыз тең акаевчил, отунбаевачыл, атамбаевчил, текебаевчил жана башка «чилдерге» бөлүнүп кеткенибиз жалганбы?! Ар ким «өзүнүн»  мурунку президенти эмне салым кошконун, эмне жакшы жумуштарды бүтүргөнүн аргументтерди таап коргойт. Бул субьективдүү, бирок урматтоого татыктуу, өзүнүн позициясы бар бардык тарапташтар–таза жана сатылбаган жарандар. Биз көптөгөндөрдү, алардын арасында атка минерлерди билебиз, өзүнүн мурунку жетекчилерин саткынчылык менен сатышып, бардык режимде «ийгилик» менен иштеп келишкен.

Убакыт келди, мурунку заманда кимге колдоо көрсөткөнүңө карабай, келечек үчүн бириге турган убак келди. Ким дайыма бурулуп өткөн заманды карайт–ал артын келечекке салып жаткан болот. Азыр кайрадан «чилдерге» акаевчил, отунбаевачыл, атамбаевчил, текебаевчил болуп бөлүнбөй мамлекетти сактап калбасак, жоголуп кетүүнүн алдыңкы сабында турабыз... Азыр убак дагы бар – шанс дагы бар! Тирешпей - келечек үчүн күрөшөлү! Ааа баса, ошондо кимдин уйу көп мөөрөсүн, мөөрөбөсүн эмчектеги сүтүнөн сырткары айта турган болсок зарыл учурда тезек дагы пайда экенин унутпасак - ЖОЛДОШТОР!

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.org

Последние новости