www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги машыктыруучу чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазов менен Бектур Асановдун дарегине айткан ачуу сөздөрү боюнча пикир алыштык.

- Шайлообек мырза, неге Бектур Асановду катуу сындадыңыз? Ал кишинин жогору жакка койгон талаптары орунсуз болуп калдыбы?

- 10 жыл мурунку тарыхты карасаңыз Бектур Асанов, Роза Отунбаевалардын сепаратисттерди колдогонунун айынан кан төгүлгөн. Булардын катачылыгынан миңдеген адамдар көз жумду. Ошондуктан булар бүгүнкү бийликти сындаганга моралдык акысы жок. Бийликке доомат коёрдон мурун мамлекет үчүн өзүм эмне кылдым деп ойлонушу керек. Матраимовду сындагандар апаатта неге элге жардам берген жок. Сындаганды билгендер кыйын күндөрү элге кол суна да билсе,  эл да башкалар да ыраазы болмок, жатып алып жарамазан айтыштын кажети жок. 

- Мүмкүн Бектур Асановдун сөзүндө да кулак түрө турган жери бардыр.

- Мен антип ойлобос элем. Бектур Асанов популисттик кылып, элдин колдоосуна ээ болом деген максатта Раимбек Матраимовду сөзүнө кошуп жаткансыйт. Бирок,  Раимбек Матраимовдун кызматтан  кеткенине 3 жыл болду. Ал тургай Атамбаев каралап жүрүп, жыйынтыгында  өзү кылмышкер болуп калды. Бектур Асанов айткандай Кыргызстанда кландык башкаруу эмей эле парламенттик башкаруу. Учурда 120 эл өкүлү бар. Ошондой эле мамлекетти бешенесин саждага тийгизген, ар сөзүндө Кудай деген сөздү айткан президент башкарып жатат.  Ага болбой эле ыгы келбесе деле бийликти сындап, кызматтан кетсе деле Раимбек Матраимовго асылыштын кажети деле жок го. Аны каралагысы келгендер алгач ал кылган иштерди кылып, анан доомат койсо жакшы болмок. Элге кыйын күндө жардам бере албагандар жок дегенде элдин саламаттыгына кам көргөн адамды каралабай жөн эле отурушса болот эле.

- Шайлоо алдында акчалууларга доомат койгон билдирүүлөр шайлоочулардын оюн эки анжы кылып коюшу мүмкүнбү?

- Шайлоо алдында мындай билдирүүлөр элдин пикирин канчалык өзгөртөрүн билбейм. Бирок, бул билдирүүнүн артында кимдир бирөөнүн буйругу турат деп түшүнөм. Ошон үчүн Бектур Асанов популист болуп, элге күйгөн, мамлекетти ойлогон кишидей таасир калтырууга ашыгып жатат. Бирок, кимдин ким экенин эл таразалап коёт. Бирөөнүн иши, ниети элим деп соккон жүрөгү Кудайга жакса, аны пенделер же кайсы бир популисттер кадырын түшүрө албайт. Анткени, Раимбек Матраимовду колдогон карапайым эли, миң деген жаштар бар. Бул инсан кудай үчүн апаатта эсепсиз чоң иштерди жасады. Даары-дармектер, ооруканалар, рентгендин баары акысыз кылдырып, Москвадан врачтарды алып келип, элдин саламаттыгын сактоого чоң салым кошуп, элдин батасын алды. Алкышына татыды. Ошон үчүн популисттердин куру дооматы, элди адаштырууга жасаган аракетинен майнап чыкпайт деген ойдомун. Бектур Асанов ойногон саясый бала бакча 5 жыл мурун жабылган.  

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости