www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир катар жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга уруксат берилгенин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, туяктуу жапайы жаныбарларга — тоо эчки, элик, каман, ошондой эле бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке августтун экинчи дем алышынан тарта декабрдын биринчи дем алышына чейин аңчылык кылса болот. Бирок мунун арасынан эликтин сезону октябрдын этегинде бүтөрү эскертилди.
Ошондой эле токой чарба агенттиги аңчылыкка уруксат берилген айрым жаныбарлардын саны чектелүү экенин айткан. Тагыраагы, бир сезондо тоо эчки 700 баш, элик 120 баш жана каман 60 башка чейин атылышы керек.
"Бул иш туяктуу жапайы жаныбарлардын ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, аларга Кыргызстандын аймагында мергенчилик кылууну иреттештирүү жана көбөйтүү үчүн жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Кыргызстанды байырлаган тоо эчкилердин саны 46 миң 161, элик 4 760 жана каман үч миң баштан ашары айтылат.
Ошондой эле, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген аркардын Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев деген үч түрү бар. Алардын жалпы саны 16 миңден көбүрөөк.
Булак: NazarNews.kg