www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары COVID-19 пандемиясынын кесепетин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

"Ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечеги жөнүндө, анын ичинде жакын арада Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу авиакаттамды жандантуу тууралуу пикир алмашышты", — деп айтылат маалыматта.

Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле ТИМ башчылары эки мамлекеттин эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чараларды ишке ашырууга жана кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык комплексин мындан ары активдештирүүгө үмүт артарын билдиришкен.

Андан сырткары, регионалдык жана эл аралык саясат маселелери боюнча да кеп козголгону белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости