www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик эли 100 жылдан ашык жуурулушуп жашаган эл. Мындай пикирди журналист Гүлжан Турдубаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

--"Мен эки элдин тынчтыгын каалайм!

Мен үчүн Тажикстан экинчи үйүмдөй эле. Балалыгым дээрлик Тажикстандын Чуулдак айылында өткөн. Тилин түшүнбөсөм деле тажик балдар кыздар менен ойночумун. Тайэнем менен тайатам Тажикстандын жараны эле. Экөө тең өмүрүнүн аягына чейин жарандыгын алмаштырышкан жок. 10 күн мурун тайэнем каза болуп, сөөгүн балдары Тажикстанга койду. Азыр эки өлкөнүн ортосундагы чырга ичим ачышып, жүрөгүм тилинип турат. Туугандарымды ойлоп тамак өтпөй, колум ишке барбай, уйку качты. Үч күндөн бери соцтармактан түрдүү сөздөрдү окуп жатам. 100 жылдан ашык жуурулушуп жашаган элдин ыркынын ыдырашына, окко учуп кыйылган өмүрлөргө ошол жерде жашаган эл эмес, бул аймакты, андагы элди эсинен чыгарган эки өлкөнүн бийлигинин алсыздыгы себеп.

Кыргызстанга чектеш тажик айылдарында кыргыздарга окшогон эле эл жашайт. Алардын көйгөйү деле кыргыздардыкындай. Жумуш жок, жаштары миграцияда. Жер маселеси чечилген эмес. Азыркы чырда эки өлкөнүн карапайым эли эле азап тартат.

Биринчи сүрөт Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы. Казылган жерден ары Тажикстан башталат.

Экинчи сүрөттө энем тажик чек ара пунктунун жанынан өтүп баратат. Ушул жол менен Тажикстанда жашаган тайэнемдикине барабыз.

Видеодо тажик айдоочунун машинесине отуруп алып тайэнем, энем болуп тажик айылдарын аралап Пролетарс шаарына базарга бара жатабыз. (2016-жыл)

Согушту романтика кылбагыла, сураныч. Бул аймакка тынчтык керек. Тайэнем айтмакчы “кыргызга да, тажикке да кудай нысап, сабыр берсин, баарыбызга тынчтык керек”. Чыр эч качан жакшы нерсе менен бүтпөйт. Анын артында орду толгус жоготуудан, кайгыдан, ызаадан, таарынычтан бүткөн өчпөс так калат", - дейт журналист. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости