www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Гүлжигит Исаков менен айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Гүлжигит мырза, шайлоону утурлай  биригүүлөр, жаңы альянстар түзүлө баштаганы түрдүү талкууга жем таштады.  Жаш саясатчылар менен дасыккан саясатчылардын бир желектин алдында биригип, шайлоого аттанабыз деген чечими туура болдубу?

--Чөгүп бара жаткан кемеге өзүн "тазамын", "жаңымын" дегендердин кошулганы жакшы болду. Антпесе, алардын чыныгы жүзүн эл анча түшүнбөй жаткан болчу. Биз айтсак, "ичи тардык кылып жатат" дегендей кабыл алышчу. Өлкөнү бүгүнкү абалга кептелткендер менен бирге болуу стратегиялык дагы, тактикалык дагы ката деп эсептейм. Булар жакын арада биротоло "критке" чыгышат.

--Бирок, ийгиликке жетели, алдыга койгон максаттарды ишке ашыралы деген үмүт менен биригишти да...

--Аруу максаттар үчүн биригүү ийгиликке жеткизет. Бирок, кылмыштарды жашыруу үчүн жасалган кыймыл-аракеттер, биригүүлөр ийгиликке жеткизбейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости