www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жыл аяктай элек болсо дагы, бул жылдын маанилүү окуяларынын бири катары чек ара маселеси кала бере турганы анык. Мындай пикирди жарандык активист Гүлжигит Исаков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"2021-жыл аяктай элек болсо дагы, бул жылдын маанилүү окуяларынын бири катары чек ара маселеси кала бере турганы анык. Чек ара дегенде биринчи кезекте оюңузга ким келет? Көпчүлүгүнүн оюна жерибизди коргоп, сактап келген Бакыт Узенбаев деген патриот аксакалыбыз келсе керек!

Канчалаган жылдар, канчалаган мээнет, канчалаган эрк, канчалаган энергия кетти деп ойлойсуз? Патриот болбогон кишиге бул түйшүк оор келет. Ички стержени жана мотивациясы күчтүү инсандар гана  кыйынчылыктарга бел байлай алышат. Бакыт Узенбаевдин мисалында эмнелерди байкасак болот? Эмнелер гана жок?! Өмүрүн коркунучка салып, тобокелчиликке баруу! Мекен үчүн! Жер үчүн! Өзбекстандын атайын кызматы бул жараныбыздын башына сайган 1 млн.$ эле эмнеден кабар берет?!

Акчага сатылбаган  бекем эрк! Мекени үчүн бекем туруп берүү! Кудай бул жашоодо бир берген өмүрдү тобокелчиликке салып, Мекени үчүн  курмандыкка чалууга  даяр болуп туруу... Мынаке, Манастын татыктуу урпагы! Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир топ жарандарыбызга наамдар ыйгарыла турганы маалым. Бакыт Узенбаев агабызга "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам ыйгарылса наам берген инстанцияга деле аброй алып келе турганы бышык. Ушул убакка чейин кандай жолдор менен кимдерге гана берилип келген... Мамлекеттик идеология аксап турганда, патриотизм идеологиянын баш тарткыс бөлүгү бойдон кала берери айдан ачык.

Маңдайыбызда Бакыт агабыз сыяктуу патриоттуулуктун жандуу мисалы, жандуу үлгүсү турат. Улутка уютку болгон "камырды" сактап, аны  менен жаштарды  "ачытуу" алдыбызда бизди күтүп турган чоң иш! Аны өз учурунда баалап, көңүл буруп калсак, келечек урпактардын алдында дагы, элдин алдында дагы жүзүбүз жарык болот!  Сиз кандай ойдосуз, Садыр Жапаров туура кадамга бара алабы?", - деп суроо салган Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости