www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер, “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков менен чек ара маселеси жана Кыргызстан үчүн келечекте кооптуу маселеге айланышы мүмкүн делген жагдайлар боюнча баарлаштык.

--Гүлжигит мырза, чек арада тиреш курчугангабы Орусия Тажикстан менен Кыргызстанга чек араны тактоого ортомчу болууга даяр экендигин  билдирди. Алардын сунушунан  шек санабай кооптонбой эле койсок болобу?

--Азыркы тапта Орусиянын бийлиги бул сунушту кандай максат менен айтканы боюнча маалыматым жок. Бирок, орус элинин жана учурдагы Орусиянын бийлигинин позицияларын бир эмес деп билем. Эгерде ЖККУнун эки мүчөсү өз ара конфликтке барбасын, ички маселелер жаралбасын деген ой менен элдештирүүчү максаттары болсо, түшүнсөк болот. Бирок, баары бир алардын ортомчулук миссияны аткаргылары келгени шек жаратат. Анткени, көп жолу конфликт болду, көптөгөн факттар орун алды, Россия ошондой учурда бир да  реакция жасаган жок. Уюмга залакасы тийбесин деген чочулоосу болсо, ошондо эле реакция жасамак да. Тажикстан тарап оор артиллерияны акыркы 9 айда эки ирет колдонду, анда да үн каткан жок. Эми ортомчу бололу дегени  кабыл алынгыс нерсе!

--Россиянын айтканына ынанып, аларды ортомчу кылып алсак, чек араны реалдуу чечүүгө салым кошушабы же мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызыкчылыктарын ишке ашырып алабы?

--ЕАЭБдин мүчөлөрү өз ара согушуп кетпесин деген чочулоо болсо гана бул кадамды туура түшүнөм. Эки өлкөнүн ортосундагы чек араны тактоодо геосаясат ар дайым өз ыңгайын көздөп келген. Азыр деле андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Негизи эле, геосаясат үчүн конфликттүү абалдар болуп турганы ыңгайлуу. Анткени, келише албаган эки тарап айласы кеткенде үчүнчү өлкөлөргө кайрылганга мажбур болот. Кайрылуу дегендин ордуна башка нерсе убада кылуу же берүү дегендик. Аларга эмнелер кирет деген суроо абдан оорчундуу. Ал тактоону талап кылат! Негизи эле, ар бир мамлекеттин негизги функциясы коргоо жана коопсуздук. Ал жоопкерчиликти башкаларына оодарууга болбойт. Салыштырып айтканда, ар бир эркектин аялы анын жоопкерчилигинде. Ал жоопкерчиликти мокок эркек башкасына оодара салса, эркектин катарынан чыгып калат дегендей...

--Чек арадагы атышуу кадимки көрүнүшкө айлана баштады. Бул тезирээк чара көрбөсөң болбойт, маселени катпай чеч деген кооптуу симптом эмеспи?

--Албетте, ок атышуу жаман симптом. Биз чочулай турган бир канча маселе бар. Паспорттон "улут" графасы алынды. Биздин жерлерди эртең кошуналар эле эмес, океандын аркы жагындагылар дагы ар кандай ыкмалар менен талашса, эмне деп жооп беребиз? "Бул жерлер силердики болгонун далилдегиле! Силер кыргыз экениңерди далилдегиле!" дешсе эмне келет колубуздан?

Мисалы, Арстанбап токоюн менчикке берүү, аэропортторубузду чет өлкөлүктөргө берүү, Сандык кенине чет элдик инвестор тартуу сыяктуу демилгелерди ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев демилгелей баштады. Бул демилгелер жогоруда айтылган чочулоолордун орун ала башташы...

Ошолордун белгилери. Кандай гана "мыкты" шылтоолорго жамынбасын,  чек ара маселеси деле ошондой кооптуу маселе. Баарын бир контекстте кароо керек. Анткени, бири-бирине көз каранды. Маселелерди чечүүдө маселе жаралган, талаш пайда болгон учурларды сөзсүз эске алуу керек. Тажикстан 1924-1927 жылдарга таянып жатабы, алардын аргументтерин жакшы иликтеп чыгышыбыз керек. Ал кезде алар өз алдынча республика болгон эмес, Өзбекстандын курамындагы автономдук облус болгон. Биз 43 миң чарчы километрге жакын жерлерибизди (учурдагы аймагыбыздын бештен экисине жакын) Советтер Союзу учурунда бергенбиз. Тажикстан ошонун арты менен өз алдынча республика болуп бөлүнүп чыккан Өзбекстандан. Тажикстан Өзбекстандагы Самарканд менен Бухараны тажиктердики деп ачык айтып келет...

Эл аралык конфликттерди каалабасак, столдун үстүндө "ийри отуруп, түз кеңешип", чечилиши керек. Учурдагы орус, кыргыз, тажик бийликтери жана алардын эл аралык өнөктөштөрүнүн гана кызыкчылыгында гана маселе чечилип калса, бул жагдай кыргыз элинин дагы, тажик элинин дагы кызыкчылыктарына жооп бербей калышы ыктымал.

Чек аралар бөлүнүп, такталып жатканда СССРдин курамында болчубуз. Ошол кырдаалда оңой эле чечилген. Азыр ошого жакын кырдаал түзүлүп, тараптар тарыхый чындыктар менен тик туруп беттешип, моюндарына алуу эрктерин көрсөтө турган болушса, жакшы ниет менен, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечсе болот. Болгону, тараптар тарыхый факттарды моюндаганга гана даяр болуулары керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости