www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз улуттук маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы  Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Ал 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.

Анын чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Өлкөбүздөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн  «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Ага кошумча көркөм сүрөттөрү  республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн  чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда  сакталып турат.

Ошондой эле, графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал  кыргыз интеллигенциясынын эсте калаарлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында “Сизизм” көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем   кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк “мектебин” жараткан. Сүрөтчүнүн  эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Таланттуу сүрөтчү, кыргыз сүрөт өнөрүнүн классиктеринин бири Баатыр Жалиевдин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Баатыр Жалиевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С.Ш.Жээнбеков, Д.А.Жумабеков, М.Д.Абылгазиев, А.Исмаилова, А.К.Жаманкулов, К.А.Исаков, У.Жылкыбаев, Т.Сарыбашев, Т.Садыков, Т.Усубалиев, В.Шестопал, Н.Конурбаев, К.Давлетов,А.Бейшенов, А.Осмонов, С.Төрөбеков, А.Каменский, М.Шарафидинов, С.Айтиев, Ж.Жакыпов, Л.Прыткова, А.Молдоакматова, Т. Кадырбаева, А.Момункулов, А.Мамбетказиева, М.Камчыбеков, Д.Алышпаева.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости