www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР эмгек сиңирген артисти, Гүлжигит Сатыбеков менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-Визиттик карточкаңыз болгон ырыңыз кайсы?
-Негизи биринчи ырдап чыккан “Коштошуу” деген ырым деле эл тарабынан жакшы кабыл алынган. Бирок, мага визиттик карточка болгон ыр “Исфана” болду. Кудайга шүгүр, кандай ыр ырдабайын баары хит болуп жатат. Бул мен үчүн сыймык.
-Башында кайгылуу, муңдуу ырларды ырдачу элеңиз. Азыр эмнеге тойго ылайыкталган ырларды ырдап калдыңыз?
-Башында эмнегедир кайгылуу, муңдуу ойго салган ырларды ырдачумун. Бирок, тойго чакырышып ырдап бер деп суранышса, эки жаш бактылуу болсун деп баталар берилип жатса, кайгылуу ырды ырдагандын өзү ыңгайсыздык жаратат экен. Ошондой кырдаалдарда ыңгайсыз болбоюн деп анан тойго ылайыкталган ырларды чыгара баштадым. Тойго ылайыкталып чыккан ырларымдын баары элге жакканбы ар бир тойдо менин ырларым жаңырып, элдер кара терге түшүп бийлеп жатканын көрүп ыраазы болом.
- Ыр хит болуш үчүн ырым-жырымдарды жасап, ырдын жолун ачтырасызбы?
-Жок. Ырларыма андай ырым-жырымдарды деле колдонбойм. Негизи ар бир ырды чыгарып жатканда хит болсо экен, эл жакшы кабыл алса экен деген ниет, тилек менен чыгарасыңда. Кудайга шүгүр, мээнетим кайтып, кандай ыр жазбайын баары колдоого алынып, эл сүйүп уккан ырларга айланып баратат.
-Бир ырыңыз темир тор артында олтурган агалардын жаргондору менен ырдалат. Камчы Көлбаев заказ берип жаздырды деген маалымат чынбы?
-Негизи Камчы Көлбаев заказ берип жаздырган эмес. Болгону, ырчылар ар кандай кырдаалга жараша көп жерде ырдоого туура келет. Элге сахнадан эле ырахат тартуулабай кээде тоюна да барып каласың. Айрым учурда темир тор артында отурган агаларга да ырдап берген учурлар болот. Ошол жактан ырдап жатканда алардын жаргондорун кошуп ырдоо идеясы келди. Ойлонуп отуруп, “братва” деген ырды жаздым. Ал ырым да угармандарын тапты. Бирок, ал ыр коомчулукка тараганда Камчы Көлбаев жаздырыптыр деген чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап кетти.
-Башында муун-жүүндүү бошоткон кайгылуу ырларды ырдап чыкканыңызда эл арасында сизди да кандайдыр бир себептер менен темир тор артында күн өткөрүптүр. Сүйгөнүнө жетпей калыптыр деген маалыматтар айтылган эле. Анын чындыгы барбы?
-Андай күндү баштан өткөрүүдөн Кудай сактасын. Темир тор артында жатпай эле эмнегедир ошондой кайгылуу, армандуу ырларды ырдоо жүрөгүмө жакын болчу. Ошондуктан алгач жогоруда айткандай “коштошуу” деген ыр менен чыгып, элге таанылгам. Азыр элдин табитине жараша тойго ылайыкталган ырларга басым коюп жатам.
-Тойлорго көп чакырабы?
-Кыргызстанга эле эмес, кошуна мамлекеттерге да чакырат. Бирок, мен той ырчысы болгум келбейт. Ошондуктан, чакырган тойдун баарына эле бара бербейм. Мага тойго ырдап, жан баккан ырчылардын жашоо образы жакпайт. Анткени, той ээлеринин баарынын деңгээли жогору эмес. Айрымдары ырчыларга урмат-сый менен мамиле кылып, ырдатып, сыйлап жакшынакай кылып узатып койсо, кээ бирөөлөр мен бошобой жатам коё тур деп кирип-чыгып жүрө беришет. Ырдап бүтүп алып, качан акчамды берет деп көзүн карап турган учурду чыны менен жаман көрөм. Ошондуктан, чакырган тойго эле барып, ырдай бербейм.
Айтайын дегеним, жакшы санаалаштарым тоюуна чакырып, эл катары сыйлап анан ырдатса барам. Болбосо көп ырчынын бири болуп, той ээсинин көзүн карап отура албайм.
- Кошуна мамлекеттерге чакырганда кайсыл ырыңызды ырдап беришиңизди суранат?
-Алардын деле суранганы “Исфана”. Кайра- кайра суранышат. Мен да кайра-кайра кайталап ырдап берем. Тердегенче бийлешет.
-Сиз фирмачы ырчыларга кирсесизби же?
-Мен фирмачы эмес, колхозчу ырчыларга кирем. Азыр чачын гелдеп, жакшы форма киийп алган ырчылардын көпчүлүгү өздөрүн фирмачы ырчылардын катарына кошуп алат экен. Айла жок күлөсүң. Чынында фирмачы ырчылар алардай болуп, тигил жактан, бул жактан ырларды алып, котортуп, эптеп репертуарын байытуу менен алек болбойт. Алар өздөрү элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, элдин колдоосуна алынган ырларды чыгарышат жана ырдашат. Чачты гелдеген менен маселе чечилбейт. Мен фирмачы ырчыларга Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеевдерди кошом.
-Жеке турмушуңуз тууралуу билсек болобу?
-Негизи ал тууралуу окурмандардын билишин каалачы эмес элем. Сурап калыпсыңар айтып коёюн. Бир уулум бар. Ал таенесинин колунда. Мен да тагдырдын буйругу мененби таенемдин колунда өсүп калгам. Кичинемден таенемди карап чоңойгом. Кыскасы, тамак жасап, кир жууган жумуштардын баарын жасап, таенемдин үйүндөгү бардык кызматты кылчумун. Кийин ооруп калганда дагы таенемди кароого, которууга туура келди.
-Өз ата-энеңиз менен кандай мамиледесиз?
-Албетте жакшы мамиледемин. Айтайын дегеним, аларды ага, жеңедей эмес, өз ата-энемдей эле кабыл алып чоңойдум. Азыр бир туугандарымдын арасында дагы бөлөк өстү болуп, кыйналган жокмун. Баары менен жакшы мамиледемин.
Перизат Рысманбетова
Булак: NazarNews.kg