www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сицилияда 10 жаштагы кызын сойкулукка мажбурлаган ата-эне кармалды деп билдирет РИА Новости.

Ата- энеси менен кошо эки карыган эркек да чогуу кармалган. Эки эркек кичинекей кыз менен жыныстык катнашга барып жүргөн.

Иликтөө иштери 2017- жылдын жай айларында башталган. Траппето шаарында токтоп турган машинанын ичинен күбөлөр, карып калган киши менен 10 жаштагы кызды байкашкан. 

Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде кызды 61- жаштагы айыл чарба жумушчусу жана 71- жаштагы пенсионер жыныстык катнаш үчүн колдонуп жүргөнү аныкталган. Алар кыздын ата- энесине акча төлөп өспүрүм кызды сойку катары колдонуп келген. 

Жолугушууларды кыздын апасы уюштуруп жүргөн. Өзүнүн кызын ал аз эле акчага баалаган 9 евродон тарта 25 еврого чейин. 

Кээ бир учурларда аял өзү дагы кыздын көзүнчө эркектер менен жыныстык катнашга барган. Кыздын атасы окуядан кабардар болуп бирок кызын коргоп калган эмес.

Учурда баары үй камагында. Кыз менен психологдор иш алып барып жаткан чагы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости