www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Султанбек кызы Мээримге материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Султанбек кызы Мээрим – төрт баланын энеси. Он беш жаштагы уулу Изат менен он үч жаштагы уулу Кубанычбек оорунун айынан майып болуп калышкан. Бир туугандар өздөрү басып, мектепте окууну кыялданганы менен каржы жетишсиздигинин айынан дарылана албай келишет. Үй-бүлө жакыр турмушта, кичинекей ижарага алынган батирде турат. Алардын менчик үйлөрү жок.

Төрага Дастанбек Жумабеков Султанбек кызы Мээримдин үйүнө барып, 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Ал эми балдарына планшет жана оюнчуктарды белекке берди.

Ошондой эле Төрага жертилкесин алууга жана там куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга көмөктөшөрүн убада кылды. Ал эми Изат менен Кубанычты медициналык кароодон өтүүгө Бишкекке чакырды.

“Качан күн жылыганда Бишкекке келгиле. Бардык тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрөбүз”, – деди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости