www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-  Гүлзинат, алып баруучулук кесиптин үстүнөн иштейин деп жатасызбы?

- “Алып баруучу болуп бер”- деп көбүнчө теленин долбоорлоруна, шоу концерттерге алып баруучулукка чакырып калышат. Мага өзүмө алып баруучу болгон абдан жагат. Орус жана кыргыз тилдеринде жакшы алып барып көрдүм. Ким билет? Алдыда ырчылыктан тышкары алып баруучу да болуп кетишим толук мүмкүн.

- Сиз көп учурла мугалимдик кесипти аркалап чыгармачылыктан алыстап калгандайсыз?

- Мугалимдик жана ырчылык кесибимди көп жылдар бою бирге алып келдим. Кудайга шүгүр мугалим болуп мен окуткан кыз-жигиттер мени менен бирге сахналаш болуп калышты. Орду- орду менен иштеп келе жатам. Менин чыгармачылыктан алыстаганым эне болгонума эле тыныгуу алганым.

- Мугалимдердин айлык акысы сизди канаттандырабы?

- Албетте, канаттандырбайт. Себеби, мугалимдердин маянасы аз. Бирок, мен Кыргызстандын жараны катары өз пикиримди айткандан тартынбайм. Ар бир жеткинчектин адам болуп өнүгүшүнө мугалимдин салымы зор. Мугалим кандай гана предметтен бербесин анын айлыгы аз болбошу керек.

- Сиздин стилиңиздин үстүндө иштеген адамдар барбы же өзүңүз элеби?

- Көбүнчө сахналык образдарымды модельерлер менен иштешем. Клиптеримдин мазмунуна жараша стилим өзгөрүп турат. Ал эми күнүмдүк жашоодогу стилимди өзүм эле тандап кийинип келгем. 

- Сиздин ар бир чыгармаңызга комуз кошулат. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүзбү?

- Бир чети өзгөчөлүк болсо, бир чети ал биздин улуттук аспап болгондуктан ар дайым ырларыма комузду кошконго аракет кылат. Заманбап ыр жазсам да, ага да улуттук аспапты кошсо болоорун практикада көрсөтүп келем.

- “Шубин” мектебинин директору болгондон бери өзүңүздөн кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

- Мүнөзүм жактан эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ал эми жетекчи катары жумушчуларга болгон кызматтык талаптар өзгөрөт. Ар бир иште өзүңдү токтоо кармап, сабырдуулук менен баарын ордуна койгонго туура келет.

- Сизге сары түскө караганда кара түстөгү чач жарашат экен. Муну сиз байкайсызбы?

- Мен күйөрмандарым үчүн ар дайым өзгөрүп, улам жаңы бир образ менен чыгып турууну жактырам. Бул менин стилим. Жакында дагы көрөсүздөр мындан башкача болуп өзгөрүп кетишим толук мүмкүн.

- Стресстен кантип арыласыз?

- Мен жашоодо абдан оптимист адаммын. Стресске көп кабылбайм. Ар дайым позитивдүү маанайда жүрүүнү жактырам.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости