www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-апрелде парламенттеги үч фракция: «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика-Ата-Журт» КР өкмөтүнүн отчетун угууну пландашкан. «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында 12-апрелде министрлер кабинетинин башчысынын атына анын өзүнүн катышуусун суранган атайын телефонограмма да жөнөтүлгөн.

Бирок, премьер-министр Сапар Исаков үч фракциянын чакыруусун этибарга албастан, жумушчу сапары менен Москва районуна кетип калганы белгилүү болду. Анын ордуна өкмөттүн отчетун вице-премьер-министр Даир Кенекеев тапшыра турганын депутаттар уккан соң, премьер-министрдин өзү келмейинче отчетту укпай тургандыктарын билдирип, танаписке чыгып кетишкен.

Эмнеге Сапар мырза бул фракциялардын алдында отчет берүүдөн качып атат деген суроо жаралат. Коркок-билиши барбы? Же Бабановдун «премьер-министри» болуп калды эле деп Б. Төрөбаевдин алдында отчет бергиси келбей турабы? Түшүнүксүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости