www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман Түлеев саясатта эӊ ириде  ар ишке аралашкан чатагы менен атактуу болуп кетти. Бакивди аталап жүрүп,   анын учурунда экинин бири болгону ырас. Байлыгынан баш адашарын  ЖМКлардан окуп алсаӊыздар болот. Атамбаевдин тушунда мэриядагы коррупциялык иштери боюнча айыпталып, түрмөгө да түшүп чыкты. Бирок түрмөдө кор болгон жок. Ар кандай жолдор менен тапканын “кусуп” берип, түрмөдөгүлөрдүн жашоо шартын оӊдоп, өзү айтмакчы “авторитет” болуп чыкты. Чынында түрмөгө түшкөн адам чүнчүп кетет эмеспи. Түлеев болсо чүнчүбөстөн, тескерисинче түрмөдө жатканда да бизнесин гүлдөтүп, заӊкайган ГУМ-Чынар деп аталган соода борборун салды. Түлеевдин бизнесин көбүнчө кызы Назгүл башкарат. Айрым маалыматтар боюнча ГУМ-Чынарда 400-500дөй ижарачылар соода кылышат. Иажара акысы соода ыгына жараша. Маселен, бир чарчы метри 10 доллардан 40-50 долларга чейин экен. Бирок  ошончо көп ижарачылардын салыгы Салык кызматына толук түшпөй турганы айтылууда. Эгер толук түшүп аткан болсо, биз жаӊылып жатсак, анда Салык кызматы бул тууралуу толук, так маалымат берип коюшаар. Кыскасы, бул жагын урматтуу салыкчылар жакшы билишет эмеспи. Балким алар жеӊ ичинен келишип алып, пайда да көрүп жаткан чыгаар. Эмне үчүн толук түшпөйт деген суроолор туулушу мүмкүн. Бул маселеге Түлеевдердин өздөрүнүн да чындыгы болсо керек. Ал эми ушундай жагымсыз иштерге байкоо салбай укук коргоо органдары эмне үчүн “уктап” жаткан түр көрсөтүп келишет. Же алар да өздөрүнүн “үлүшүн” алып, жыргап жатышабы? Жогорку Кеӊеште деле салык толук чоглубай жатканы, көмүскө экономика гүлдөп кеткени байма-бай айтылып келет.

Түлеев мырза болсо бийликтегилерди жакшы деле көрбөйт. Себеби, анын “Сапатком”  баштаган бир катар бизнес борборлору, батирлери, миллиондору бийликтин, тагырагы мамлекетке өтүп кеткен. Буга ичи өрттөнүп, кыжынып жатканы бештен белгилүү. Бул аз келгенсип мурунку “Сапаткомдун” имаратына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (мурунку финпол) көчүп кирген. Демек, Түлеевдер мына ушундай жагдайлардан улам таза бизнес кылгылары келишеби деген суроо өзүнөн өзү туулат.

Баса, Түлеев Бакиевдин учурунда мэр болуп турганда Ала-Тоо аянтына Манас эпосундагы  терс кармандар, кыргыз элинин байыркы душмандары Нескара, Шыпшайдар, Жолой деген калмактардын  айкелин тургузуп жиберип, элдин каарына калды эле. Ошонун өзү эле эмне деген маскарачылык…

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости