www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну 74 жаштагы Токсумбаева Канымбүбү аттуу жаран  кызынын өлүмүнөн кийин, мыйзамды “түкүрүк” ордуна көрбөгөн "күч күйөө" жана адилетсиз жүрүп жаткан сот иши тууралуу NazarNews маалымат агенттигине келип айтып берди. 

2019 - жылдын 6-июнунда “Дордой Секьюрити” коргоо агенттигинин кызматкери Исаев Кубан Кайырбекович аттуу жаран 74 жаштагы пенсионер Токсумбаева Канымбүбүнүн үстүнөн Аламүдүн райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.

К.Токсумбаеванын кызы Ажыбаева Индира Шарапидиновна   2018-жылдын 17-сентябрында Фучик көчөсүндөгү №1 Бишкек шаардык оорукананын №2-хирургия бөлүмүнө шашылыш жаткырылган. Ага 19-сентябрда операция жасалып, тилекке каршы, ал ошол эле күнү реанимацияда каза болот.  

К.Исаев Индира Ажыбаеванын үстүнө "күч күйөө" катары кирип, экөөнүн мыйзамдуу никеси,  баласы жок болсо да, өзүн  дарыгерлерге И.Ажыбаеванын “мыйзамдуу күйөсү” катары тааныштырып, ата-энесине, бир туугандарына   И.Ажыбаеванын абалынын өтө начар экендигин   айткан эмес.  

Аламүдүн райондук соту, бул иш түшкөндө эле кароосуз калтырууга  негиз болот. Алсак, К.Токсумбаева мурда да, азыр да  мураскорлукка  өтө элек. 

Талаштын башы...

И. Ажыбаевага туугандары  2003-жылы Көлбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканадан бир бөлмө сатып берип, өзүнө каттап, 2017-жылга чейин 14 жыл бою Индира ошол бөлмөдө жалгыз жашап турган. 2014-жылы И.Ажыбаеванын  жеке турмушунда мурдагы турмушунан ажырашкан, үч баласы бар  К. Исаев аттуу  жаран пайда болот. К.Исаевдин өз үйү жок болгондуктан, "күч күйөө" катары И.Ажыбаеванын үстүнө кирип алган.  

2017-жылы И.Ажыбаева бир туугандары менен кеңешип, өзү жашаган  бөлмөсүн 10 000 долларга сатат.   И.Ажыбаева колундагы акчанын 6500 долларына 2017-жылдын 2-майында Кемин шаарчасынын тургуну Абыкеев Максатбек Каныбековичке таандык Аламүдүн районуна караштуу “Үмүт” жаңы конушундагы № 458-участогун сатып алат.  Калган акчасына анын иниси Ажыбаев Артур үй курулуш иштерин баштайт.

Сүрөттө И.Ажыбаеванын инилери 

Үйдүн курулуш иштерин толугу менен И.Ажыбаеванын инилери А. Ажыбаев  жана башка туугандары ишке ашырып, 3 ай аралыгында тамды салып  бүтүшкөн. Бул курулушка И.Ажыбаеванын жер тилкесин сатып алгандан кийин артып калган 3500 доллары толугу менен жумшалган. Мурдатан түзүлгөн эсеп боюнча, бул суммага, чакан үй тургузулуп, анын бир бөлмөсүн бүтүрүүгө толук жеткен. Бирок Кубан Исаев “үй меники”  деп талашууда.  

Сотто, Исаев,  өзү иштеген “Дордой Секьюрити” коргоо агенттиги тарабынан берилген  бир топ займдардын көчүрмөсүн көрсөткөн. Бул займдардын көбү үй салынып бүткөндөн  кийинки мезгилде  алынган.

Алты айдын аралыгында К. Исаевге “Дордой Секьюрити” 5 жолу, жалпы суммасы 643 500 сомдук займды 12% чен өлчөм менен берген. Айлыгы 15-20 миң сомду түзгөн К.Исаев ушунча займды бир жылдын ичинде  кантип жапты?

Бул иштин кандай чечилери али күмөн, анткени, сот процесси дале уланууда.

Биз экинчи тарап менен  бир канча жолу байланышууга аркет кылдык, бирок алар телефон чалууларды алышкан жок. Экинчи тарапты ачып берүүгө  NazarNews маалымат агенттигинин  эшиги ачык.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости