www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Агартуу министрлиги жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган «Билим берүүдө тажрыйба алмашуу» гуманитардык долбоорунун алкагында Орусиядан быйыл 30 мугалим келип иштейт. Бул тууралуу Орусиянын агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушко 22-сентябрда Бишкекте ЖМКларга  билдирди.

Анын айтымында мугалимдер орус тили жана адабияты, математика жана башка предметтер боюнча Кыргызстандын мектептеринде сабак берип иштешет.

Эске салсак, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы гуманитардык долбоордун алкагында өткөн жылы 17 мугалим келип иштеген.

Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча маселелер каралып, соңунда бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Ал эми Орусиялык делегацияны вице-премьер-министр Алексей Оверчук жетектеп келген. Орус өкмөт башчысынын орун басарын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости