www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Атада 13 жаштагы бала эки кишини бычактады

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 13 жаштагы бала эки кишини бычактады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири ооруканага түшүп, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуя 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында тургундардын бири туулган күнүн белгилеген. Зыяпат учурунда коңшулар сөз талашып, анын аягы мушташка айланган. Үй ээсинин 13 жаштагы уулу эки кишиге бычак сайган.

Буга кошо окуя болгон жерде белгисиз кишилер бир канча автоунаанын айнегин талкалаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча мушташ ичкиликтин айынан чыкканы айтылууда.

Аталган факт боюнча райондук милиция Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча иликтөө баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости