www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Депутат болуп калсаңыз кайсы тармактын ишин жакшыртуунун аракетин көрөсүз?

– Кудай буюруп, депутат болуп калсам, айыл чарбаны көтөрүүнү колго алам. Анткени Кыргызстан агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Дыйкандардын өндүргөн продукцияларын жетиштүү баада сатып, мээнети акталгыдай шарт түзүүгө аракет кылам. Билим берүү тармагын да жакшыртууга болгон аракетимди жумшайм. Анткени билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири экенин билем. Саламаттыкты сактоо тармагындагы орчундуу маселелерди чечип, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтө турган абалга жеткирүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Себеби мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Ошол концепция аркылуу баарын жөнгө салабыз.

– Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясына токтолдуңуз?

– «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу жазылган. Ошондой эле популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Партиянын негизги багыттары менин кесибиме да туура келгени үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап, Талас районунан талапкер болдум. Учурда парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Бул шайлоо элдин эртеңи үчүн өтө маанилүү, себеби шайлоодо элибиз татыктуу партияны тандап алуусу керек.

– Партиянын ийгиликке жетерине ишенесизби?

– Ишенем. Анткени шайлоого күчтүү талапкерлер аттанды. Ар биринин өз тармагында орду бар. Биздин саясий партия билимдүү, энергиялуу жаштардан жана тажрыйбалуу саясатчылардан куралган. Ошон үчүн “Мекеним Кыргызстан” ийгиликке жетет деген үмүтүм зор.

Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрь күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости